Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:00

Трамп Орусияга каршы санкция киргизүүгө даяр экенин айтты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп эгер орус президенти Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүдөн баш тартса, анын администрациясы Орусияга каршы санкцияларды киргизе турганын 21-январда айтты. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттигине шилтеме кылып "Свобода" радиосу жазды.

Трамп өзүнүн администрациясы Украинага курал жөнөтүү маселесин караштырып жатканын, Европа Биримдиги Киевге көбүрөөк жардам бериши зарылдыгын белгилеген.

"Биз Зеленский [Украинанын президенти] менен сүйлөшүп жатабыз, жакын арада биз президент Путин менен сүйлөшөбүз", — деди ал.

Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишимге жетишүүгө аракет кылбай, “Орусияны жок кылып жатканын” билдирген. Ал "Орусия чоң кыйынчылыкка кабылат" деп айткан.

Батыштын баяндамачылары муну Дональд Трамптын Путиндин дарегине айткан катуу сын-пикирлеринин бири деп аташты.

АКШнын 47-президенти Дональд Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс 20-январда салтанаттуу ант берип, кызматка расмий киришти.

Шерине

XS
SM
MD
LG