Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин ишмердүүлүгүндө туруктуу коррупциялык схемалар жоюлбай жатканын билдирди. Бул тууралуу УКМК аталган агенттиктин кызматкерлери менен өткөргөн кеңешменин жыйынтыгында кабарлады.
Атайын кызматтын 22-январда тараткан маалыматына караганда, буга чейин жети кылмыш иши козголуп, анын натыйжасында беш кызмат адамы кармалган. Коррупцияга аралашканы үчүн төрт, уюшкан кылмыштуулукка байланышы болгондугу үчүн бир кызматкер иштен алынган.
"Укук коргоо органдары менен биргеликте коррупцияга каршы жүргүзгөн тынымсыз күрөшүүгө карабастан, 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейинки статистикалык маалыматка ылайык, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгүндө мурда калыптанып калган туруктуу коррупциялык схемалар жоюлбагандыгы байкалууда", - деп жазылган маалыматта.
УКМК мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө, ижарага алуу келишимдерин түзүүдө, мекемелерде жана акционердик коомдордо мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө, мамлекеттик мүлккө байланыштуу соттук маселелерди чечүүдө коррупциялык тобокелдик бар экенин белгилөөдө.
Атайын кызмат буга чейин саламаттык сактоо, билим берүү тармагынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрүп, коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн күчөтүлгөн кылмыш жазасы тууралуу маалымат берген.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 16-январда Кыргызстанда 2025-2026-жылдары коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалып жатканын, ушу тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин айткан. Ал буга чейин жемкорлук 70-80 пайызга чейин жеткенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.(КЕ)
Шерине