Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:33

Украинанын Николаев жана Сумы облустары дрон чабуулуна кабылды


Орус армиясынын дрон чабуулунун кесепети. Николаев облусу, Украина. 21-январь, 2025-жыл.
Орус армиясынын дрон чабуулунун кесепети. Николаев облусу, Украина. 21-январь, 2025-жыл.

Орусиянын армиясы 22-январга караган түнү Украинанын Сумы жана Николаев облустарына дрондор менен чабуул койду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы маалымдагандай, Сумыда үч киши жабыркады. Ал эми Николаевде эки тургун жараат алганын облус администрациясынын башчысы Виталий Ким билдирди.

Сумыда чабуулдун айынан эки кабатуу менчик үйдө өрт тутанган. Тиешелүү кызматтар тилсиз жоону убагында өчүрүштү. Андан башка дагы 13 үй талкаланганы маалым болду.

Ал эми Николаевде "Шахед" дронунун сыныктары түшкөн алты жерде өрт тутанды. Алты кабат үй жабыркап, ичиндеги 200дөй адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Жардыруунун толкунунан бир нече үйдүн, оорукананын, административдик имараттардын терезелери күбүлүп түшкөн.

22-январга караган түнү бул эки облустан тышкары Киев, Чернигов, Харьков, Полтава жана Днепропетровск облустарында чабуул тууралуу эскертүү сиреналары жаңырды.

Орусиянын Коргоо министрлиги көптөгөн сүрөт жана видео далилдерге карабастан Украинадагы аскердик жайларды гана бутага аларын билдирип келет. Ал эми карапайым тургундар жашаган аймактарга жасалган соккуларга комментарий бербейт же украин армиясынын абадан коргонуу системасын күнөөлөп келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG