Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:03

Орусияда студент "аскер комиссариатын өрттөөгө аракет кылды" деп шектелүүдө


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Орусияда Алтай өрөөнүнүн Барнаул шаарында студент жигит "аскер комиссариатын өрттөөгө аракет кылды" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу "Свобода" радиосу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына шилтеме кылып жазды.

Маалыматка караганда, жашы 18деги студент аскер комиссариаты жарандарды фронтко жиберип жатканына каршы экенин билдирип, өрттөө аракетин ошону менен түшүндүргөн. Ал имаратка колго жасалган күйгүзгүч менен өрт коюуну пландаганы кабарланды.

Студентти күч кызматкерлери кармап кетип баратканын Телеграм-каналдар тараткан видеодон көрүүгө болот.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, студентке "теракт жасоого аракет кылган" деген айып тагыды. Орусиянын күч органдарында кармалган адам "Украинын көрсөтмөсү боюнча иш кылган" деген версия каралып жатканы кабарланды.

Буга чейин орус басылмалары Москва облусунда аскер комиссариатына өрт койгон жаран 24 жылга эркинен ажыраганын жазышкан. Владивостокто ушундай эле айып менен дагы бир жаран 14 жылга эркинен ажыратылган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG