Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:15

Беларуста президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды


Беларустагы президенттик шайлоонун бюллетени
Беларустагы президенттик шайлоонун бюллетени

Беларуста президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды. Ал 25-январга чейин уланат. Шайлоо 26-январга белгиленген.

Бул жолу президенттик шайлоого беш талапкер ат салышууда. Алардын арасында өлкөнү 31 жылдан башкарып келаткан 70 жаштагы Александр Лукашенко дагы бар.

Оппозициядагы "Беларустун демократиялык күчтөрү" эл аралык коомчулукту шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырат. Укук коргоочулардын пикиринде Беларустагы шайлоолор "авторитардык өкмөт өз бийлигин мыйзамдаштыруу үчүн колдонулуп, өз функциясын аткарбай калган".

2020-жылы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Лукашенко жеңгени белгилүү болгон соң түмөндөгөн беларус добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы нааразылык акциясына чыккан.

Бир катар Батыш мамлекеттери жана оппозиция өкүлдөрү ал шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган акциялар күч менен таркатылып, миңдеген адам камалган. Бир катар оппозициячыл активисттер кармалып, узак мөөнөттөргө кесилди.

Лукашенко менен бирге ат салышкан Светлана Тихановская басым-кысымдан улам Литвага чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 2023-жылдын март айында беларус соту Тихановскаяны сыртынан 15 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми анын күйөөсү Сергей Тихановский 18 жылга кесилип, беларус түрмөсүнө камалган.

Президенттикке ат салышкан дагы бир талапкер Виктор Бабарико 14 жылга эркинен ажыратылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG