Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркиянын Болу провинциясындагы "Карталкая" лыжа мейманканасында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жоктугун билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы 21-январда кабарлагандай, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги маалыматты жергиликтүү расмий органдардан тактаган.
Шейшембиде Түркиянын Болу районунун түндүгүндө жайгашкан лыжа базасындагы мейманканада өрт чыгып, 10 адам каза болду, 32 адам жабыркады.
Жергиликтүү Daily Sabah агенттиги жазгандай, өрт таң эрте 11 кабаттуу мейманкананын 4-кабатында чыккан. Айрым маалыматтарга караганда, өрт ресторан жайгашкан кабатта тутанган.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда имараттын жогорку кабаттарындагы өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатканын билдирүүдө.
Кыргызстандан Түркиянын мейманканаларында иштөөгө атайын келишим боюнча барган мигранттардын көпчүлүгү эмгек визасы менен иштейт.
Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден көбү Орусияда, 25 миңдейи Түркияда. (ZKo)
Шерине