АКШнын президентинин кызматына расмий киришкен Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишимге жетишүүгө аракет кылбай, “Орусияны жок кылып жатат” деп билдирди.
"Мен Орусия чоң кыйынчылыкка кабылат деп ойлойм. Көпчүлүк адамдар бул согуш бир жуманын ичинде бүтөт деп ойлошкон. Бул согушту токтотуу ал үчүн абдан жакшы болмок", - деди Трамп Ак үйдө 20-январда инаугурациядан кийин журналисттерге сүйлөп жатып.
Ошол эле учурда Трамп орус президенти тынчтык келишимдерин колдой турганына үмүттөнөрүн билдирди. Ал Путин менен жакын арада сүйлөшө аларын кайталады, бирок так убактысын айткан жок.
Трамп сүйлөшүүлөр уюштурулган соң Путин менен жолугушууну пландаганын, ага даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалады.
"Мен Путин менен жакшы тил табышчумун. Ал келишим түзүүгө макул болот деп үмүттөнөм", - деди Трамп жолугушуу ыктымалдыгы тууралуу айтып жатып.
Трамптын белгилешинче, Украинанын президенти Владимир Зеленский жаңжалды токтотуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр.
Журналисттер Трампка президенттик кызматка киришкенден кийинки биринчи эле күнү согушту токтотууга аракет кылуу убадасын эскертишти. Ал "бул үчүн дагы жарым күнүм бар" деп жооп берди.
Трамп былтыр шайлоо өнөктүгү маалында Украинадагы согушка кызматка киришкенден кийинки 24 саатта чекит коёрун билдирген.
Дональд Трамты расмий кызматка кириши менен куттуктаган Владимир Путин Москва согуш маселесинде америкалык жаңы администрация менен диалогго даяр экенин белгилеген.
Орусиянын президенти маселени чечүүнүн негизги жолу кризистин түпкү себептерин жоюу экенин билдирген. Путиндин айтымында, башкы максат "аймакта жашаган бардык адамдардын жана элдердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоого негизделген узак мөөнөттүү тынчтык" болушу керек.
АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы согушту токтотуунун мөөнөтүн аныктай албай турганын, бирок "эки тарап тең мунасага келип, кандайдыр бир нерселерден баш тартышы керек болот" деп айтканын CNN жазды. Кандай мунаса болушу мүмкүн экенин Рубио ачык айткан эмес.
АКШнын 47-президенти Дональд Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс 20-январда Вашингтондо Капитолийдин ротондасында салтанаттуу ант берип, кызматка расмий киришти.
Аземге мурдагы президенттер, бир нече чет өлкөлүк лидер, саясатчылар, Конгресс өкүлдөрү жана ири технологиялык компаниялардын башчылары катышты.
Трамп буга чейин АКШнын 45-президенти болуп, өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган.
78 жаштагы Трамп былтыр 5-ноябрда өткөн шайлоодо Демократтар партиясынан талапкер, буга чейинки вице-президент Камала Харристи жеңген. (КЕ)
Шерине