Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Орусияда сот Навальныйдын адвокаттарын түрмөгө кести


Орус оппозициясынын активисти, маркум Алексей Навальныйдын адвокаттары. 17-январь, 2025-жыл.
Орус оппозициясынын активисти, маркум Алексей Навальныйдын адвокаттары. 17-январь, 2025-жыл.

Орусиянын Владимир облусундагы сот 17-январда оппозиция активисти, маркум Алексей Навальныйдын мурдагы адвокаттарын "экстремисттик коомго аралашуу" иши боюнча эркинен ажыратты. "Медиазона" басылмасы жазган маалыматка караганда, Вадим Кобзев 5,5 жылга, Алексей Липцер 5 жылга, Игорь Сергунин 3,5 жылга түрмөгө кесилди.

Сот ошондой эле аларга жазасын өтөп бүткөндөн кийин үч жыл адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салды.

Адвокаттар 2023-жылдын күзүндө кармалышкан. Анын алдында үйлөрүндө, кеңселеринде тинтүү жүргөн. Прокурорлор аларды Алексей Навальный жетектеген "Коррупцияга каршы фондунун" ишине аралашкан деп айыпташкан. Бул уюм Орусияда экстремисттик деп саналат.

Тергөөнүн версиясына караганда, Навальныйдын адвокаттары өз "макамынан пайдаланып", камактагы саясатчынын каттарын анын тарапташтарына жайылтып турушкан, бул Навальныйга "экстремисттик коомдун жетекчисинин функциясын улантууга жардам берген".

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Навальныйдын адвокаттарына чыгарылган өкүмдү кескин айыптады.

"Бул Алексей Навальныйды коргоого батынып, анын үнүн темир тор артынан дагы угузууга жардам бергендердин оозун жабуу аракети", - деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Мари Стразерс. Уюм орус бийлигин адвокаттарды токтоосуз бошотууга чакырды.

Навальныйдын айрым адвокаттары Орусиядан чыгып кетүүгө үлгүргөн, аларга сыртынан айып тагылган.

2023-жылы август айында Москва шаардык соту Кремлдин келишкис сынчысы Навальныйды экстремисттик бирикме түзүү тууралуу жана башка бир нече айыптын негизинде 19 жылга эркинен ажыраткан. Жазасын алыскы Ямал-Ненец аймагындагы колонияда өтөп жаткан Навальный 2024-жылдын 16-февралында абакта көз жумган.

Шерине

XS
SM
MD
LG