Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Иманкулов Сириядан кыргыз жарандарын алып келүү иши уланарын, баш тарткандар да бар экенин айтты


Сириядан Кыргызстанга алынып келген балдар менен аялдар. 20-февраль, 2024-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Сириядан Кыргызстанга алынып келген балдар менен аялдар. 20-февраль, 2024-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстан эл аралык уюмдардын жардамы менен Сирияда калган жарандарын мекенине алып келүү иштерин улантат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Анын белгилешинче, Сириядан алты этап менен 700гө жакын аял, балдар алып келинди.

"Учурда төрттөн-бештен ар кайсы жерде калгандар бар. Кээ бири келүүдөн баш тартты. Айрымдары узак мөөнөткө абакка кесилип кеткен, аларды Сирия өзү деле коё бербейт. Жакында ЮНИСЕФ менен бирге дагы 4-5 баланы алып келүүгө аракет көрүлүп жатат", - деди Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Сириянын аймагында Кыргызстандын канча жараны бар экени тууралуу так маалымат жоктугун айтты.

2024-жылдын февраль айындагы маалыматка ылайык, Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерден баш-аягы Кыргызстандын 432 жараны алынып келген. Алардын 303ү балдар, калган 129у аялдар экени маалымдалган.

Соңку ирет 2024-жылдын 19-июлунда “Айкөл-6” гуманитардык миссиясы алкагында 22 кыргыз жараны Кыргызстанга алып келинген. Алардын 8и аял жана 14ү балдар. Ага чейин май айында “Айкөл-5” миссиясы менен Сириянын лагерлеринен 99 киши, анын ичинен 71 бала, 28 аял Кыргызстанга кайтарылган. Алар кыргызстандык келиндер жана ошол жакта төрөлгөн балдары.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Сирияда былтыр жыл соңунда Башар Асаддын бийлиги кулагандан кийин бул өлкөдөгү радикал топтордун катарында согушкан борбор азиялык жоочулар маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Дамаскка көзөмөлүн орноткон топ теги тажикстандык согушкерге жаңы кызмат жана наам бергени белгилүү болгон. (КЕ/TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG