Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Газадагы согушту токтотуу тууралуу макулдашуу Израилдин өкмөтү бекиткен соң гана күчүнө кирет


Согушту токтотуу боюнча макулдашуу жетишилгени жарыяланган соң жасалган Израил армиясынын аба соккуларынын кесепети. 16-январь, 2025-жыл. Газа.
Согушту токтотуу боюнча макулдашуу жетишилгени жарыяланган соң жасалган Израил армиясынын аба соккуларынын кесепети. 16-январь, 2025-жыл. Газа.

Израилдин министрлер кабинети Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу боюнча ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ортосундагы макулдашууну жактыруу үчүн чогулат. Бул тууралуу премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси 17-январда билдирди.

Буга чейин кабарлангандай, жумага караган түнү Катардын баш калаасы Дохада тараптар макулдашуунун соңку версиясына кол коюшту. Азырынча аны бекитүү үчүн Израилдин Аскердик-саясий кабинети так качан чогулары белгисиз. Алар бекиткен соң макулдашууну өкмөттүн толук курамы жактырышы абзел.

Айрым маалымат каражаттары Нетаньяхунун жардамчыларына таянып, ок атышууну токтотуу жараяны буга чейин айтылгандай 19-январда эмес, 20-январда күчүнө кириши мүмкүн экенин жазышты.

Газа тилкесинин өзүндө Израилдин аскердик учактары абадан сокку урууну улантууда. Аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы 16-январдын кечинде билдиргендей, тараптар ортосундагы элдешүү жараяны жарыялангандан кийин жасалган чабуулдардан 80дей кишинин өмүрү кыйылды.

Израилдин өкмөтү ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну жактырууга бейшембиде эле чогулмак. Нетаньяху ХАМАС менен "соңку мүнөттөрдө жаралган пикир келишпестик" макулдашууну толук бекитүүгө тоскоолдук жаратканын билдирген. ХАМАС радикал уюмунун өкүлдөрү арачы өлкөлөр жарыялаган макулдашуунун бардык жол-жоболорун аткарууга даяр экенин айтышкан.

Эки тарап ок атышууну токтотуу боюнча мунасага жетишкенин 15-январда АКШнын президенти Жо Байден жарыялаган. Ал үч баскыч менен ишке ашары айтылган. Макулдашуунун шарттарына ылайык, биринчи баскычта Израил армиясы Газадан аскерлерин толук чыгарат, ХАМАС 33 туткунду бошотот. Жо Байдендин айтымында, экинчи этапта согушту биротоло токтотуу боюнча Израил менен ХАМАСтын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошондой эле калган туткундар, анын ичинде аскердик кызматкерлер бошотулат.

Газадагы согушка ХАМАСтын 2023-жылдын күзүндө Израилге кол салуусу түрткү болгон. Анда 1200дөй кишинин өмүрү кыйылап, 250дөй адамды согушкерлер барымтага алып кетишкен.

ХАМАСтан өч алуу максатында Израил Газада баштаган согуш 46 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG