Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Ташиев Көлбаевди жок кылуу чечими тууралуу айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "кримчөйрөнүн анабашы" аталган Камчы Көлбаевди жок кылуу мамлекет үчүн кабыл алынган чечим болгонун билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, жогорку окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин жана коллеждердин кызматкерлери менен 16-январда өткөргөн кеңешмеде айтты.

Ташиев уюшкан кылмыштуу топтор күчөп, өлкө боюнча бардык бийликтерге тамырын жайып кеткенин белгиледи.

"Уюшкан кылмыштуулуктун мамлекеттик системага окшош эле системасы болгон. Өздөрүнүн президенти болгон, мыйзамдагы ууру жана башкалар облустарда, райондордо, шаарларда ишкерлерден акча чогулткан. Ошондуктан мамлекет үчүн "мыйзамдагы ууруну" жок кылуу чечимин кабыл алууга туура келди. Кийин анын башка мүчөлөрүн да жок кылдык. Азыр өлкө бул башаламандыктан кутулду", - деди Ташиев.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Көп өтпөй Ташиев 2-ноябрда Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

11-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун "мафиясына байланышы бар" деген 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтан алынганын билдирген. Анын ичинен 76 адам Мамлекеттик бажы кызматынан кеткен. Алардын аты-жөнү жана буга чейин ээлеген кызматы тууралуу маалымат бериле элек.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG