Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын октябрь айынан ушул мезгилге чейин атайын кызмат билим берүү системасында иштеген 34 кызматкерди – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучуну кылмыш жоопкерчилигине тартканын билдирди. Коррупциялык иштерге аралашкан деген негизде 42 кызматкер жумуштан бошотулган. Мамлекетке 207 млн 700 миң сом кайтарылган.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилери, жогорку окуу жайлардын, кесиптик лицейлердин жана колледждердин кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде айтты.
Камчыбек Ташиев Кыргызстанда 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын, ушул тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин кошумчалады. Ал буга чейин жемкорлук 70-80 пайызга чейин жеткенин билдирди. Атайын кызматтын төрагасы билим берүү системасынын кызматкерлерин коррупциялык иштерге аралашпоого чакырды.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.
Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деп сот жообуна тартылгандар белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, эки жылга чейинки мөөнөткө соттолот же мүлкү мамлекетке алынат. Документте мындан башка бир катар жазалар каралган.
Transparency International (TI) эл аралык уюму 2023-жылдагы дүйнөнүн 180 өлкөсүндөгү коррупциянын индексин жарыялаган. Рейтингде Кыргызстан 141-орунду ээлеп, 2022-жылдагы көрсөткүчкө караганда бир баскычка артка кеткен. 2024-жылдын рейтинги чыга элек. (BTo)
Шерине