Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Израил ХАМАС келишимди "кайра карап чыгууга аракет кылып жатканын" билдирди


Барымтадагыларды бошотуу үчүн демонстрацияга чыккандар.
Барымтадагыларды бошотуу үчүн демонстрацияга чыккандар.

16-январда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча бир күн мурда жетишилген келишимдин бир катар жоболорун кайра карап чыгууга жетишүү аракетин көрүп жатканын билдирди.

«ХАМАС келишимди бузуп, акыркы мүнөттөрдө кризис жаратууда», – деп билдирди Нетаньяхунун кеңсеси.

Мындан улам Израилдин министрлер кабинети бейшембиге белгиленген келишимди жактырууну караган жыйынды жылдырды.

"Ортомчулар ХАМАС келишимдин бардык деталдарын жактырганын жарыяламайынча Израил өкмөттүк жыйындын датасын белгилебейт", - деп айтылды билдирүүдө.

ХАМАСтын расмий өкүлү Иззат эл-Решик аталган топ тексти ортомчулар аркылуу макулдашылган тынчтык келишимин сактарын Reuters агенттигине айтты.

Израил менен ХАМАС макулдашууга жетишкенин Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 15-январдын кечинде Вашингтондо билдирген.

Жо Байдендин айтымында, бул макулдашуу үч этап менен ишке ашат. Алты аптага созула турган биринчи фазасында ок атышуу токтоп, Израил күчтөрү Газанын калктуу конуштарынан чыгып кетиши керек. Ошондой эле ХАМАСтын барымтасындагы бир катар туткундар бошотулуп, Израилдин абагындагы айрым палестиндер да эркиндикке чыгат жана газалыктардын үйүнө кайтышына, тилкеге гуманитардык жардамдын жеткирилишине мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Экинчи этапта согушту биротоло токтотуу боюнча Израил менен ХАМАС ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошондой эле калган туткундар, анын ичинен аскердик кызматкерлер бошотулат. Мындан тышкары Израилдин Газадагы калган күчтөрү чыгып кетет жана ок атышууну токтотуу боюнча убактылуу мунаса туруктуу келишимге айланат.

Үчүнчү этапта каза тапкан туткундардын сөөгү үй-бүлөлөрүнө өткөрүп берилет жана Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү иши башталат.

Байдендин алдында Газадагы согушту токтотуу боюнча мунаса табылганын Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман ал Тани да ырастап, келишим 19-январда башталарын белгилеген.

ХАМАСтын жоочулары 2023-жылы 7-октябрда Газанын аймагынан Израилге кол салганда 1200 киши өлгөн, 250дөн ашуун киши туткунга алынган. Барымтадагылардын жарымынан көбү ошондон бери каза тапкан же бошотулган.

Израил ХАМАСтын жоочуларынын чабуулдарына жооп катары Газада аскердик операция баштаган. ХАМАС башкарып келген бул тилкенин саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, согуш башталгандан бери Газада каза тапкандардын саны 47 миңге чукулдады. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG