Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Экс-депутат Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраевге издөө жарыяланды


Данияр Ибраев. ИИМ тараткан сүрөт. Архив.
Данияр Ибраев. ИИМ тараткан сүрөт. Архив.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраевге издөө жарыяланганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкектин Свердлов райондук соту алдамчылык фактысы боюнча сегиз эпизод менен Данияр Ибраевди күнөөлүү деп таап жети жылга эркинен ажаратып, үч жыл пробациялык жаза берген. Андан тышкары жабырлануучуларга зыяндын ордун толтурууга милдеттендирилген.

Жабырлануучулар райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданган. Данияр Ибраев сотко келбегендигине байланыштуу шаардык сот аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы издөө иштерин жүргүзүүдө.

Свердлов райондук соту 2023-жылы 20-июлда Данияр Ибраевди алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга абакка кесүү чечимин чыгарып, бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл менен сот залынан бошоткон. Мындан тышкары аны жалпы 19 млн 821 миң доллар материалдык чыгымдын ордун толтурууга милдеттендирген.

Бишкек шаардык милициясы Данияр Ибраевге алдамчылыкка байланыштуу 2019-жылдын декабрь айында кылмыш ишин козгогон. Милиция ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш материалдарын ташып берүүнү убада кылып, 19 млн 821 миң АКШ долларын алып, изин жашырып кеткенин билдирген.

Ага 2020-жылдын февраль айында Интерпол аркылуу издөө жарыяланып, 27-февралда ал Болгариянын баш калаасы Софиянын борборунан кармалып, камакка алынган. Кийин Кыргызстанга экстрадиция болгон.

Данияр Ибраев - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самат Ибраевдин уулу. Буга чейин Бишкекте ата-бала Ибраевдерге акчасын алдатып жибергенин айтып, ондогон киши митинг өткөргөн. Экс-депутат андай айыптарды төгүндөгөн. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG