Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан санарип маселесинде кыйла артта калып жатканын белгиледи. Бул тууралуу ал 16-январда парламент жыйынында айтты.
Спикер санариптештирүү маселеси парламентте өзүнчө караларын, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишине көпчүлүк жарандар, анын ичинен депутаттар да нааразы экенин кошумчалады.
“Азыр бүткүл дүйнө жүзү санарип кызматтарын өнүктүрүп жаткан маалда биздики абдан жай болуп жатат. Андыктан, аталган жагдайды негизги маселелердин бири катары карап, өлкөбүздө санариптештирүү кандай жүргүзүлүп жатканын, борбордогу жана аймактардагы санариптештирүүгө байланышкан абал кандай экенин талкуулап, чечим кабыл алышыбыз керек”, – деди төрага.
Мунун алдында депутат Дастан Бекешев “Түндүк” системасына кошумча дагы бир “Санарип аймак” платформасы түзүлгөнүн, аталган тармакта башаламандык орун алып жатканын белгилеген.
Буга чейин Евробиримдик Кыргызстандын санарип өнүктүрүү тармагын колдоо үчүн Министрлер кабинетине 3 миллион евро (295 миллион сом) бөлгөн. Гранттык жардам менен министрликтерди жана өлкө аймагында санарип экономиканы өнүктүрүү үчүн маалымат базаларын түзүп, аны тейлөөгө да жумшалары айтылган.
Өкмөт "Санарип аймак“ платформасы аркылуу айрым айыл өкмөттөрүндө маалыматтар электрондук форматка өткөрүлүп жатканын билдирген.
Мындан сырткары "Түндүк" тутуму аркылуу 31ден ашуун кызмат электрондук жол менен көрсөтүлөт. (КЕ)
Шерине