Орусиянын Воронеж облусунун Лискинский районундагы мунай базасында шаршембинин кечинде ири өрт чыкты. "Свобода" радиосу жазганына караганда, күбөлөр социалдык тармактарга видеосун жарыялап, мунай базасы дрон чабуулуна кабылганын белгилешкен.
Бул маалыматты расмий бийлик ырастай элек.
Согушту чагылдырган бир катар Телеграм-каналдар Орусиянын Ростов, Орлов, Белгород облустары дрон чабуулуна кабылганын жазышты. Мындан кайсы бир объектилер зыян тарткан-тартпаганы азырынча белгисиз.
ВЧК-ОГПУ каналы Крым көпүрөсүндө жол кыймылы токтогонун кабарлады.
Орусия Украинага бастырып кирген үч жылга жакын убактан бери орусиялык армия Украинанын энергетикалык жана газ инфратүзүмүнө утур сокку уруп келет. Шаршемби күнү эртең менен Орусия 40 ракета жана 70тен көп учкучсуз учактарды колдонгон. Украинанын Харьков, Сумы, Полтава, Запорожье, Днепропетровск, Кировоград жана Львов облустарында электр камсыздоо тармагынын иши чектелди.
Соңку учурда Украина жооп кайтарып, Орусиянын инфратүзүмүнө (өзгөчө мунай базаларына) ракета, дрон менен чабуул коюп келет.
Шерине