Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобу Газада ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялады.
Байден 15-январдын кечинде Вашингтондо билдиргендей, бул макулдашуу үч этап менен ишке ашат. Алты аптага созула турган биринчи фазасында ок атышуу токтоп, Израил күчтөрү Газанын калктуу конуштарынан чыгып кетиши керек. Ошондой эле ХАМАСтын барымтасындагы бир катар туткундар бошотулуп, Израилдин абагындагы айрым палестиндер да эркиндикке чыгат жана газалыктардын үйлөрүнө кайтышына, тилкеге гуманитардык жардамдын жеткирилишине мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жо Байдендин айтымында, экинчи этапта согушту биротоло токтотуу боюнча Израил менен ХАМАСтын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошондой эле калган туткундар, анын ичинде аскердик кызматкерлер бошотулат. Мындан тышкары Израилдин Газадагы калган күчтөрү чыгып кетет жана ок атышууну токтотуу боюнча убактылуу мунаса туруктуу келишимге айланат.
Үчүнчү этапта каза тапкан туткундардын сөөктөрү үй-бүлөлөрүнө өткөрүлүп берилет жана Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү иши башталат.
Байдендин алдында Газадагы согушту токтотуу боюнча мунаса табылганын Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман аль Тани да ырастап, келишим 19-январда башталарын белгилеген.
Азырынча макулдашуу тууралуу Израилдин өкмөтү комментарий бере элек. Шаршембинин кечинде эл аралык медиа мунаса тууралуу адеп жаза баштаганда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси макулдашуунун деталдары дале такталып жатканын билдиргенин Associated Press кабарлаган.
Анын алдында АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп радикал топтун барымтасындагы туткундардын бошотулушун шарттай турган келишим жакын арада жарыялана турганын өзүнүн Truth Social социалдык медиа платформасына жазган болчу.
«Бизде Жакынкы Чыгыштагы барымтадагылар боюнча келишим бар. Алар жакында чыгарылат. Рахмат!", - деп жазган Трамп.
Катар, Египет жана АКШ арачы түшкөн сүйлөшүүлөрдүн бул жолку айлампасы 3-январда Дохада башталган. Согушка чекит коюп, барымтадагыларды бошотуу боюнча буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес.
АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун жоочулары 2023-жылы 7-октябрда Газанын аймагынан Израилге кол салганда 1200 киши өлгөн, 250дөн ашуун киши туткунга алынган. Барымтадагылардын жарымынан көбү ошондон бери каза тапкан же бошотулган.
Израил ХАМАСтын жоочуларынын чабуулдарына жооп катары Газадагы аскердик операцияларын баштаган. ХАМАС башкарып келген бул тилкенин саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери Газада каза тапкандардын саны 46 миң 700дөн ашты. (AiA)
Шерине