Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Актаудагы учак кырсыгында жаракат алган үч кыргызстандыктын экөө ооруканадан чыкты


Казакстанда учак кырсыгында жаракат алган Тилек Осмонов менен Эрлан Жунусалиев. Бишкек. 30-декабрь, 2024-жыл.
Казакстанда учак кырсыгында жаракат алган Тилек Осмонов менен Эрлан Жунусалиев. Бишкек. 30-декабрь, 2024-жыл.

25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган учакта жаракат алган үч кыргызстандыктын экөө - Тилек Осмонов менен Эрлан Жунусалиев Бишкектеги Улуттук госпиталдан дарыланып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы дагы бири - Ринат Асанов ушул эле госпиталда дарыланып жатканын, абалы туруктуу экенин билдирди. Алар 30-декабрда Казакстандан атайын борт менен Бишкекке алынып келген.

Баку–Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган. Грозныйдын аэропорту учакка конууга уруксат бербей, Махачкалага жиберген. Учак Каспий аркылуу Казакстанга багыт алып, аба майданына жетпей кулаган.

Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы аман калган.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 29-декабрда “Азербайжан аба жолдору” компаниясына караштуу Embraer 190 учагы Орусиянын аймагында аткылоого дуушар болгонун билдирип, “Орусиянын расмий структуралары кайдагы бир газ баллондун жарылышы тууралуу версияларды айтып жатканы бизди капа кылып, бир чети таң калтырды”,- деген.

Андан тышкары Илхам Алиев 27-декабрда Азербайжан Орусия тарапка авиакырсыкка байланыштуу үч талабын жеткиргенин айткан. Алар: кечирим суроо, күнөөнү моюнга алып, күнөөлүүлөрдү жазалоо жана жабыркагандарга кенемте төлөп берүү.

Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин окуя орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Илхам Алиевден кечирим сураган.

Орус бийлигинин айрым өкүлдөрү Чеченстандын башкалаасы жана бир катар шаарлар лайнер конор алдында Украинанын дрон чабуулуна туш болгонун, абадан коргонуу системасы иштеп жатканын маалымдаган.

Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин ачкан. Кырсыкты Казакстандын, Азербайжандын жана Орусиянын адистери иликтеп жатат.

Илхам Алиев учактын кырсыкка учурашы үчүн жоопкерчилик «Орусиянын өкүлдөрүнө жүктөлөрүн» айтты. 6-январда мамлекет башчы экипаждын аман калган мүчөлөрү жана каза тапкандардын жакындары менен кездешкени тууралуу маалымат анын расмий сайтына жарыяланды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG