Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:23

Бразилия кырсыкка учураган учактын "кара кутусун" Казакстанга берди


“Азербайжан аба жолдорунун” кырсыкка учураган жүргүнчү учагы. Актау, 25-декабрь 2024-жыл
“Азербайжан аба жолдорунун” кырсыкка учураган жүргүнчү учагы. Актау, 25-декабрь 2024-жыл

Бразилиянын аскердик аба күчтөрүнүн лабораториясы “Азербайжан аба жолдорунун” кырсыкка учураган жүргүнчү учагынын “кара кутусунан” алынган маалыматтарды Казакстанга жөнөттү. 6-январдагы билдирүүдө материалдар тергөөчүлөргө өткөрүлгөнү айтылат.

29-декабрда казак бийлиги бортто жазылган маалыматтар Embraer-190 лайнери чыгарылган Бразилияга жиберилерин билдирген. Дүйшөмбүдө Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусия кырсыкка чымчыктар же газ баллонунун жарылышы алып келди деп чындыкты жашырууга аракеттенгендиктен, “кара куту” өкмөттөр аралык комисcияга эмес, Бразилияга өткөрүлгөнүн айткан. Мамлекет башчы ошондой эле каргашага “Орусиянын өкүлдөрүн” айыптап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды.

25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен башкалаасына коно албай, деңиздин аркы жээгиндеги Актауга баратып, шаардын жанында кулаган.

Алиев буга чейин учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын билдирген.

Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин окуя орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.

Орус бийлигинин айрым өкүлдөрү Чеченстандын башкалаасы жана бир катар шаарлар лайнер конор алдында Украинанын дрон чабуулуна туш болгонун, абадан коргонуу системасы иштеп жатканын маалымдаган.

Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы, арасында кыргызстандык 3 жаран жаракат алган.

Орусиянын Тергөө комитети кылмыш иш ачкан. Кырсыкты Казакстан, Азербайжан жана Орусиянын адистери иликтеп жатышат.

Шерине

XS
SM
MD
LG