Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

"Түркмөн аба жолдору" Москвага каттамдарын бир айга токтотту


"Түркмөн аба жолдору" компаниясынын учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
"Түркмөн аба жолдору" компаниясынын учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ашхабад – Москва – Ашхабад багытындагы учак каттамдары 30-декабрдан 31-январга чейин токтотулганын Түркмөнстандын улуттук "Түркмөн аба жолдору" компаниясы билдирди. Компания мындай чечимге Баку-Грозный каттамындагы учак Казакстандын Актау аймагында кыйрагандан кийин кабыл алган.

Түрмөнстан быйыл украин дрондорунун чабуулуна байланыштуу Москвага жана Казанга учак каттамдарын буга чейин да убактылуу токтоткон.

Актаудагы кайгылуу окуядан соң бир катар өлкөлөрдүн аба компаниялары Орусияга, анын айрым аймактарына учууларын убактылуу токтотушканын жарыялашты. FlyDubai, Qazaq Air компаниялары Орусиянын айрым аймактарына каттамдарын убактылуу токтотконун кабарлашкан. Ал эми Израилдин El Al аба компаниясы Тель-Авив - Москва каттамын токтотконун билдирди.

25-декабрда Azerbaijan Airlines компаниясына таандык, Баку-Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган. Грозныйдын аэропорту учакка конууга уруксат бербей, Махачкалага жиберген. Учак Казакстанга багыт алып, аба майданына жетпей кулаган.

Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы жаракат алган.

"Рейтер" агенттиги иликтөөдөн кабары бар азербайжандык булактарга таянып, Embraer 190 орусиялык “Панцирь” системасынан атылган дүрмөттөн жабыркаганын жазды.

Орусиянын Жарандык авиация агенттигинин (Росавиация) жетекчиси Azerbaijan Airlines компаниясынын учагы конууга аракеттенген маалда украиналык дрондор Грозныйга чабуул коюп жатканын жума күнү билдирди.

Бийликтер тыянак жасоо үчүн иликтөөнү күтүү керектигин белгилешет. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков иликтөөчүлөр бир бүтүмгө келгиче спекуляция кылуу “туура эмес” деп айтты.

Шерине

XS
SM
MD
LG