Казакстандын Актау аймагында учагы кыйраган Azerbaijan Airlines компаниясы учактын кыйроосуна “сырттан физикалык жана техникалык кийлигишүү” баштапкы себеп болгонун билдирди.
Компания Орусиянын 10 шаарына каттамдарын токтоткону да кабарланган. Ага ылайык, Минеральные Воды, Сочи, Волгоград, Уфа, Самара, Грозный, Махачкала, Саратов, Нижний Новгород жана Владикавказга каттамдар чектелди. Мындай чечимге 25-декабрда Embraer 190 жүргүнчү ташуучу учагынын кулашынын себебин иликтөөнүн жыйынтыгын күтүү жана “учуулардын ыктымал тобокелдиги” себеп болгону айтылды.
Ал арада Орусиянын Жарандык авиация агенттигинин (Росавиация) жетекчиси Azerbaijan Airlines компаниясынын учагы конууга аракеттенген маалда украиналык дрондор Грозныйга чабуул коюп жатканын жума күнү билдирди. Ушундан улам Грозныйдын аэропорту учууларга жана конууларга жабылып, башка учактарга коопсуз жакка кетүү сунушталганын айтты.
“ВЧК-ОГПУ” Телеграм-каналы мурдараак кыйраган учактын учкучтарынын орусиялык диспетчерлер менен сүйлөшүүсүн жарыялаган. Анда учактын капитаны Актауга чейин Махачкалага же Минеральные Водыга конууга уруксат сураган. Телеграм-канал бул маалыматтын булагын көрсөткөн эмес.
Баку-Грозный каттамындагы Embraer 190 жүргүнчү учагы 25-декабрда Казакстандын Актау шаарынын жанында кулаган.
Борттогу 67 кишинин 38и каза болду, калгандары, арасында кыргызстандык үч жаран жараат алган. Бирөөнүн абалы оор деп бааланууда.
Айрым эксперттер учактын куйрук тарабындагы тешиктер Орусиянын абадан коргоо системасы украиналык дрондорго каршы иштегенде пайда болушу мүмкүн деп болжолдошот.
Шерине