Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Рим папасы Рождестводо Газа, Украинадагы согуштарды токтотууга чакырды


Рим папасы Франциск. Ватикан. 25-декабрь, 2024-жыл
Рим папасы Франциск. Ватикан. 25-декабрь, 2024-жыл

Рим папасы Франциск католиктердин Рождествосуна арналган салттуу кайрылуусунда Жакынкы Чыгышта, Украинада жана Суданда тынчтык орнотууга чакырып, Газада "чектен чыккан оор" гуманитардык абал түзүлгөнүн сындады.

"Шаарга жана дүйнөгө" ("Urbi et Orbi") деген кайрылуусунда 88 жаштагы понтифик "Согуш оту алоолоп жаткан Украинада куралдын добушун басууга", тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жол ачууга чакырды.

Мартта Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Киев өз жарандарын сактап калуу үчүн "ак желегин көтөрүп" Москва менен сүйлөшүүгө барыш керек деп айткандан кийин украин расмий адамдары тарабынан сынга кабылган.

Кийин Ватикан Францисктин айтканына түшүндүрмө берип, тынчтык орнотуу тууралуу сүйлөшүүлөр биринчи кезекте Орусиянын агрессиясынын токтотулушуна негизделиши керек экенин, "понтифик адилет жана туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн дипломатиялык жолдору үчүн шарт түзүү" тууралуу кеп кылганын белгилеген.

Римдеги Ыйык Петр аянтына чогулган миңдеген динзарлардын алдында сүйлөгөн папа Газада ок атышууну токтотууга, барымтага алынган израилдиктерди бошотууга үндөдү.

Шерине

XS
SM
MD
LG