Израил түрк аскерлеринин Голан дөңсөөсүнө жакын жайгашуусуна уруксат бербейт. Түркиянын бул аймактагы катышы келерки апта Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Вашингтондогу жолугушуусунда талкуулана турганын Ynet басылмасы жазды.
Израил Түркия Сириядагы базаларын учкучсуз учактарды жана абадан коргонуу күчтөрүн жайгаштыруу үчүн колдонушу мүмкүн деп кооптонууда. Бул чек араны коргоо аракеттерин татаалдаштырып, аскердик кагылышууга алып келиши мүмкүн деп жазат басылма.
Өткөн жылдын аягында экс-президент Башар Асаддын режими кулаганга чейин Сириянын Израил менен чек ара аймагында орусиялык күчтөр болуп, алар менен израил тарап байланыш түзүп турганы айтылат. Эгер түрк армиясы аймакка келе турган болсо Израил мындай аракеттер Түркия менен аскерий жаңжалга алып келер-келбесин ойлонушу керек жана өз жарандарын коргоо үчүн ар кандай аракеттерди кылдаттык менен карап чыгуусу зарыл.
Мындан сырткары Израил Түркиянын колдоосу астында Сириядан Газа тилкесине чейин Ирандын таасирин алмаштыра ала турган исламчыл сунниттик тобу пайда болуу ыктымылдыгына тынчсызданууда. Ошол эле учурда Түркия Израил менен дипломатиялык байланыш каналдарын кармап турат жана диалог уланууда.
Израил кырдаал турукташканга чейин Сирияны АКШ, Орусия, Түркия жана өткөөл өкмөттүн катышуусунда убактылуу зонага бөлүүнү сунуштоодо.
Сириянын жаңы дайындалган министрлер кабинети беш жыл иштеши күтүлүүдө. Бул убакыттын ичинде өлкөнүн Конституциясына керектүү түзөтүүлөр киргизилип, жалпы элдик шайлоо өткөрүлөт.
Израил Түркиянын аймактагы ролунан улам Сирияны зоналарга бөлүүнү сунуштады

Шерине