Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Абхазия парламентинде ок атылып, депутат каза тапты


Жикчил Абхазиянын парламенти
Жикчил Абхазиянын парламенти

Грузиянын жикчил Абхазия жумуриятынын парламентинде ок атылганы, бир депутат каза болгону, бирөө жараат алганы кабарланды. “Кавказ жаңырыгы” сайты жазганына караганда, парламент ал маалда майнингге тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап жаткан. АМРА-life телеграм-каналы Адгур Харазия жана Кан Кварчия чырлаша кеткенин, Харазия мылтык алып чыгып атканын, ок аларды тынчытууга аракеттенген дагы бир депутат Вахтанг Голандзияга тийгенин маалымдады. Абхазиянын Саламаттык сактоо министрлиги Голандзия алган жараатынан көз жумганын билдирди. Кварчия колунан жарадар болду.

Ички иштер министрлигинин өкүлү курал колдонгон Харазия из жашырып кеткенин кабарлады.

Ал - Сухуми шаарынын мурдагы мэри. 2020-жылы адамдын ден соолугуна олуттуу залака тийгизгени, ок атуучу курал алып жүргөнү жана сактаганы үчүн кармалган.

Абхазия жана Грузиянын дагы бир жикчил аймагы Түштүк Осетиянын 1993-жылы жарыялаган көз карандысыздыгын дүйнөлүк коомчулук тааныбайт. 2008-жылкы Грузия менен согуштан кийин эки жикчил аймактын көз карандысыздыгын Орусия, Венесуэла, Науру, Никарагуа менен Сирия тааныган.

Грузия ал аймактарды Москва оккупациялаган жерлери деп эсептейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG