Бейшембиде Европа парламенти Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюция кабыл алды. Документте Кыргызстан демократия жолунан тайганы айтылат.
Европалык депутаттар өзгөчө “Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун “күмөндүү жүйө менен” кармалганына токтолуп, кыргыз өкмөтүнүн эркин медианы, саясий оппозицияны куугунтуктоосуна, журналисттердин, блогерлердин жана жарандык активисттердин камалышына камтамасын билдиришти. Документте "Клооп", "Темиров Live", "Айт Айт Десе" жана "Азаттык" өңдүү көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары куугунтукка кабылып жатканы да белгиленет.
Европарламент Султанбековду жана партиянын калган мүчөлөрүн дароо бошотууга, Еврошаркет менен Кыргызстан ортосундагы Кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында демократиялык стандарттарды, эркиндиктерди урматтоого чакырды.
Резолюцияда журналисттер Махабат Тажибек Кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевадан айыптарды алуу зарылдыгы айтылат.
Европарламент депутаттары ошондой эле расмий Бишкекти “жалган маалымат таратуу” жана “чет элдик өкүлдөр” тууралуу мыйзамдарды жокко чыгарууга, "Украинадагы баскынчы согушка байланыштуу Орусияга киргизилген санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бербөөгө" үндөдү.
Резолюцияны 492 депутат колдоду, 28и каршы добуш берди, 41ү катышкан жок.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул эле күнү резолюциянын кабыл алынышына байланыштуу билдирүү таратты. Мекеме Султанбеков шайлоочулардын добушун сатып алуу, үгүтчүлөрдү жашыруу жана башка мыйзамга каршы келген фактылардын негизинде кармалганын, сот аны жана эки партиялашын кармоону мыйзамдуу деп тапканын белгиледи.
Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө каршы сот иштерине кайрылып, ТИМ 18-декабрда сот төрт журналисттин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырганын, алар "массалык башаламандыкка чакырганы" үчүн айыптуу деп табылганын, бул иштеги калган жети журналист акталганын билдирди.
Тышкы саясий мекеме сөз болгон резолюцияны Европарламенттин Кыргызстандын сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады. ТИМ ошондой эле кыргыз тараптын “өз ара урматтоо жана ички иштерге кийлигишпөө принцибине негизделген диалогго даяр экенин” белгиледи.
Быйыл июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бельгиядагы сапарынын жүрүшүндө “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлган.
Шерине