Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп Чыңгыз Кожошев дайындалды


Чыңгыз Кожошев.
Чыңгыз Кожошев.

Аскат Эгембердиев Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасы кызматынан кетип, Министрлер кабинетинин төрагасы анын ордуна 18-декабрда Чыңгыз Кожошевди жетекчи кылып дайындады.

Расмий маалыматка ылайык, Чыңгыз Кожошев 1985-жылы Ош шаарында туулган. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) “юриспруденция” адистигин аяктаган.

2023-жылдан бери Ош шаарындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу №25 (СИЗО-5) мекеменин жетекчиси болуп иштеп келаткан. Ага чейин Ички иштер министрлигинде (УКМК) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эмгектенген. Бирок кайсы жылдары иштегени тууралуу так маалымат жок.

2022-жылы Кыргызстандан күч менен чет өлкөгө чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактардагы баракчаларына Чыңгыз Кожошев буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жан сакчысы да болуп иштегенин жазды. Бул тууралуу ЖАКтын жаңы төрагасы комментарий бере элек.

Кызматтан кеткен Аскат Эгембердиев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG