Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

"Өзү бийликте турса кантип аны басып алат?" Аксыда шаардык кеңештин депутаты камалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети Кербен шаардык кеңешиндеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган" деген шек менен камалганын билдирди.

Өткөн аптанын аягында дагы Чүйдө ушундай эле айып менен жоон топ адам камалган эле. Атайын кызматтын мындай маалыматтары, соңку окуялар кайчы пикирлерди жана түкшүмөл суроолорду да жаратты.

Атайын кызмат Кербен шаардык кеңешинин депутатына Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (массалык баш аламандык) менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Ага социалдык тармактардагы билдирүүлөрү негиз болгонун белгиледи.

"Кербен шаардык кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Н.Ж.К. Фейсбуктун активдүү колдонуучусу катары маал-маалы менен чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат",-деп жазылган маалыматта.

Социалдык тармактарда кармалган адам Жанарбек Надырбеков экенин жазышты. Азырынча анын жакындары жана жактоочусу комментарий бере элек. Ал буга чейин соцтармактарда жергиликтүү бийликти айрым бир маселелерге байланыштуу сынга алган билдирүүлөрдү жарыялап келген. "Кемпир-Абад ишине" байланыштуу камалгандар акталып чыкканда аларды кубаттаган пикирин билдирген.

"Атам менен учурашып кеткен"

Саясатчы," Кемпир-Абад ишине" байланыштуу камалып, кайра акталган Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан бир апта мурда атасы Аксыга барганда Надырбеков ал жолугушууга келгенин, камалганы ушул жагдайга байланыштуу эмеспи деп кыжалат болуп жатышканын айтып берди.

Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

"Мен ал кишини жакшы тааныйм. Анын өз пикирин ачык айткан, сындаган мүнөзү бар. Чындыкты тайманбай ачык айткан жигит. Эмнеге камашканын билбейт экем. Бирок бир жума болду, атамды Аксыга алып барып келдик. Ошондо ал дагы келип учурашып кетти эле. Биз бул маалыматты уккандан кийин анын камалышына Бекназаров менен учурашканы дагы себеп болуп калбады бекен деп кыжалат болдук. Ал келип сүйлөгөндө деле азыркы бийликти жамандап, кетиши керек, басып алышыбыз керек деген сөздөрдү сүйлөгөн эмес. Ал "чындыкты айтып көрсөтүп турсак, акыйкат болсок мамлекетке жардам берген болот элек" дегендей жакшы сөздөрдү сүйлөгөн. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, Кербен шаардык кеңештин депутаты, ошол фракциянын лидери. Анын өзү бийликте отурса кантип бийликти басып алмак эле? Кербен шаардык кеңешинде "Ата-Журт Кыргызстан" көпчүлүктү түзөт, ал ошол фракциянын лидери. Бул азыр бийликте турган партия да. Ага бийликти басып алууга зарылчылык деле жок. Биз билбеген жагдайлар барбы же жокпу, мен билбейт экем. Анын камалганын уккандан кийин атам "мага келип учурашканы себеп болуп калды окшойт" деп камтама болду. Атам камакта жатканда дагы аны колдогон бир-эки билдирүү жазганын да билет элек. Атамды колдочу эле, учурашып дагы кетти эле, ошол дагы себеп болуп калбады бекен деп кыжалат болдук".

"Коррупцияга, кылмыштуу топторго каршы күрөш катуу"

Жарандык активист Мукай Керимбаев соңку окуя тууралуу комментарий берип жатып, өлкөдө бийликтин уюшма кылмыш топторуна, коррупцияга каршы күрөшүнө тоскоол кылгысы келген күчтөр бар деп эсептерин айтты.

Мукай Керимбаев.
Мукай Керимбаев.

"Мен азыр Жанарбектин камалышы тууралуу кандайдыр бир пикир айтуудан карманып турам, анткени мен ал кишини тааныйм, мамиле бар болчу. Бирок акыркы күндөрү Фейсбуктан билдирүүлөрдү жасап жүргөн. Азыр эми бир нерсе деш дагы кыйын. Ал жерде териштирүү болот, тергөө органдары бар, кандай фактылар бар такталат, экспертизалар болот. Сөзсүз түрдө баары мыйзамдын чегинде каралса керек. Видеолор бар жеп жатышат, ал боюнча дагы териштирүү болот, укуктук баа берилет деп эле ойлоп атам. Ага чейин кармалган адамдар тууралуу толук маалымат берилди да, даярданган, куралданган деп айтылды. Алар тууралуу дагы толук маалымат берилсе керек. Аларга Жанарбектин тиешеси барбы же жокпу мен билбейт экем. Бирок азыр бийликтин коррупцияга, кылмыштуу топторго каршы күрөшү аёосуз катуу болуп жатат. Ошол эле маалда душмандар дагы ошончолук бар. Ошолор тынчыбай, кандайдыр бир күчтөр менен иштешип, демөөрчүлөрдү издеп таап, азыркы бийликти кулатууга аракеттерди көрүп жатат. УКМК буга байланыштуу азыр катуу иштерди алып барып жатат. Анткени мамлекетибизге тынчылык керек, алдыга жылуулар болуп жатат. Ошону дагы көрө албаган күчтөр бүгүнкү күндө бар экен да".

Атайын кызмат 5-июлда "бийликти күч менен басып алууга камданып жүргөн" деген шек менен беш адам кармалганын билдирген. УКМК бул окуяга байланыштуу кийинчерээк кеңири түшүндүрмө тараткан. Андагы маалыматка караганда, алар курал-жарак камдап, Бишкекте "жарандардын өлүмү менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобунун аракеттерине бөгөт коюлду. Алар белгилүү бир деструктивдүү саясий күчтөрдүн таасири астында аракеттенип келген".

"Алар 31-августта Бишкектин четинде бардык аймактардан келген жаштарды, анын ичинде алдын ала даярдалган күчтөрдү топтоо үчүн спорт оюндарын уюштурууну пландаган. Бул спорттук иш-чарага элди Бишкек шаарына жөө жүрүшкө үндөш үчүн айрым оппозиция лидерлерин чагымчыл катары чакыруу пландалган. Андан соң, алдын ала даярдалган деструктивдүү спортчулардан жана кылмыштуу элементтерден турган адамдардын тобу кырдаалдан пайдаланып, чогулган элди Бишкек шаарына алып барып, жол боюнда зордук-зомбулук, каракчылык, өрттөө, мүлктү жок кылуу менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштуруп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды колдонуп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн", - деп жазылган маалыматта.

Кармалган адамдардын жакындары жана жактоочулары азырынча үн ката элек. Айрым маалыматтарга караганда, алар учурда абакта жаткан президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы, активист Мелис Аспековдун айылдаштары.

"Түшүнүксүз суроолор көп"

Талдоочу Турат Акимов болсо бийликти күч менен басып алууга байланыштуу козголгон кылмыш иштери, кармалган адамдар жана алардын айрымдарынын бошотулушуна байланыштуу түкшүмөл суроолор көп экенине токтолду.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

"Өткөрүлүп жаткан атайын операциялары канчалык деңгээлде анык, таза иш экенин, канчалык деңгээлде далилденгенин айтуу кыйын. Анткени "Кемпир-Абад ишин" деле көрбөдүңөрбү. Камалгандарды 1,8 жыл кармашты. "Мамлекеттик төңкөрүшкө даярданган, ал-бул" деп жатып эле эки жылга жетпей чыгарып, акташты. Ошондуктан азыр бир нерсе деп айтыш өтө кыйын. Анткени бийлик тараптан ачык-айкындык жок, көп нерселер купуя эле болуп жатат. Кылмыш иштери козголуп, бийлик башчыларына кол салууга даярданган деп чет өлкөлүк адамдардан өйдө кармалып, кайра аларды Азербайжанга, Өзбекстанга өткөрүп берип коюшпадыбы. Алар бошотулбай, болгон тергөө иштери Кыргызстанда жүрүшү керек эле. Кол салууга даярданган деп кармалган чет өлкөлүктөрдүн кетип калганы өтө таң калычтуу, мыйзамга ылайык андай болбошу керек эле. Бийлик башчысына кол салабыз дегендерди бошотуп жибергендери деле түшүнүксүз болуп калды".

"Кемпир-Абад ишинде" айыпталуучулардын адвокаты болгон Кантемир Турдалиев "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо" айыбы менен козголгон кылмыш иштеринде ынанымдуу далилдер болушу керектигин айтат:

Кантемир Турдалиев.
Кантемир Турдалиев.

"Бул жерде "массалык башаламандыкты уюштуруу", "бийликти күч менен басып алууга чакырык" деген беренелер менен козголгон кылмыш иштерин козгоодо сөзсүз түрдө даярдык керек. Ал жерден курал-жарак, акча деген болушу керек, эң негизгиси уюштуруучулар жана аны ишке ашыруучулар болушу керек жана алардын бири-бири менен сүйлөшүүлөрү жаздырылып алышы керек. "Кемпир-Абад ишинде" ушулардын баары жок эле ишти козгоп алышкан. Мындай иштерде сөзсүз түрдө ынанымдуу аргументтер, фактылар керек".

"Бийликти күч менен басып алууга даярданган" деп айыпталгандар

"Бийликти күч менен басып алууга даярданган, чакырык жасаган" деген айып менен кылмыш иштери буга чейин дагы козголуп, саясатчылар, ишкерлерден тартып, социалдык тармактардын катардагы колдонуучусуна чейин кармалган учурлар маал-маалы менен болуп келет.

  • Ушундай айып менен кармалган Каныкей Аранова аттуу жаран өткөн айдын аягында 3,6 жылга соттолду.
  • Өткөн аптада Жогорку сот социалдык тармактагы пикири үчүн айыпталган активист Зарина Төрөкуловага чыккан Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.
  • Ай башында акын жана активист Аскат Жетигенди “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен "күнөөлүү" деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыратылды.
  • Ишкер, "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго дагы ушундай айып коюлуп, камакка алынган.

XS
SM
MD
LG