Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:43

12-декабрь: Бишкекте 31 млн рублди тоногондор кармала элек, Сахалинде мигранттарды чектөө күчөтүлдү


Сахалин. Орусия
Сахалин. Орусия

12-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Абактагы Султанбеков Ташиевдин сөзүнө жооп берди

Социал-демократтар партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин ал тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айткан сөзүнө кат менен жооп берди. Анын Бишкектеги №1 тергөө абагынан жазган каты 12-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Султанбеков анда Кыргызстанда биринчи жолу саясий партия шайлоонун алдында жарыштан четтетилип, лидери камакка алынганын, муну менен бийлик алсыздыгын көрсөткөнүн жазган.

“Сиз кечээ мени саясий негизде каматканыңызды эл алдында моюнга алганыңыз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. “Султанбеков мамлекетти башкаргысы келип жатат” деп ачык эле айттыңыз, бирок добуш сатып алуу боюнча бир ооз сөз сүйлөгөн жоксуз. Мен “мамлекетти башкарам” деп Ак үйдү басып алууга аракет кылып, тосмодон ашып түшүп шымымды айрып алган эмесмин. Мен ар дайым мыйзам чегинде гана аракет кылам жана сиздерди да ошого чакырам”, - деп жазылган катта.

Камчыбек Ташиев парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаевдин суроосуна жооп берип жатып, Темирлан Султанбеков мыйзам алдында жооп бериши керектигин билдирген.

“Султанбеков менен эрегишпесек, жаш бала болсо, жаш баладай өзүн алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келип жатат. “Эгер мамлекетти башкара албасаңар мага бергиле” дейт. Ал үчүн өсүшү керек. Ага чейин мыйзам алдында жооп берсин”, - деген Камчыбек Ташиев.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.

ИИМ: 31 млн рублди карактап кеткендер табыла элек

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 11-декабрда Чокморов көчөсүндө төрт адам бычак менен эки кишиге кол салып, жабырлануучулардын 31 млн 264 миң рубль акчасын тартып алып, изин жашырып кеткенин кабарлады. Шектүүлөр каражатты алгандан кийин жасалма номур тагылган Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кетишкен. Алар бул машинени Чуйков көчөсүнө калтырып, чет элдик номурлуу “Лада” үлгүсүндөгү башка автоунаа менен изин жашырган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделип жатат. Жабырлануучулардын колу жана бети кесилген.

Окуя болгон видеодон алынган скриншот. 11-декабрь, Бишкек
Окуя болгон видеодон алынган скриншот. 11-декабрь, Бишкек

Өзбекстанда Орусия менен виза режимин киргизүү сунушталды

Өзбекстандын “Улуттук кайра жаралуу” ("Миллий тикланиш") партиясынын жетекчиси Алишер Кадыров орусиялык саясатчылардын Борбор Азия, асыресе Өзбекстан менен виза режимин киргизүү сунуштарын колдоорун айтты. Муну менен катар аймактын өлкөлөрүн биригип туруп орусиялыктарга виза киргизүүгө чакырды. Саясатчы Телеграм-каналдагы постунда муну Орусиядагы "күтүлүп жаткан бейстабилдик" жана Өзбекстанга келген релоканттардын көбөйүү ыктымалдыгы менен түшүндүрдү.

Ошондой эле Өзбекстанда жашаган бардык адамдарды өзбек тилин, маданиятын жана баалуулуктарын урматтоого үндөдү.

Буга чейин орусиялык саясатчылар, анын ичинен ЛДПР партиясынын төрагасы Леонид Слуцкий "Мигранттын кодексин" түзүүнү, ал эми депутат Сергей Миронов өзбек жарандары үчүн виза режимин киргизүүнү сунуш кылган.

Орусиянын Мамлекеттик думасы 11-декабрда орус тилин жетиштүү деңгээлде билбеген чет элдик балдарды мектептерге алууга тыюу салган мыйзам долбоорун акыркы окууда кабыл алды.

Жаңы жобого ылайык, балдарды мектепке алуу алдында алар орус тилинен сынак тапшырууга тийиш. Андан тышкары баланын үй-бүлөсү Орусияда мыйзамдуу жүрөт деген уруксат кагаздарды текшеришет.

Сентябрда “Улуттук кайра жаралуу” партиясынын лидери Өзбекстанда советтик идеологияны жайылтууга тыюу салуу демилгесин көтөргөн.

УКМК экс-депутат Султан Урманаевди кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султан Урманаев коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматында ал 1995-1996-жылдары “Кыргызтрансавто” мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турганда, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен “Токчулук” мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттен сатып алганы айтылат. Андан тышкары мурдагы Балыкчы эт комбинатынын мүлкүн жеке менчикке мыйзамсыз өткөргөнү аныкталган. Бул мүлктүн баасы 626 млн сом деп эсептелген. Ачык булактардагы маалыматта 76 жаштагы Султан Урманаев “Кыргызтрансавтону” 1996-1998-жылдары башкарганы, 2000-жылга чейин өзгөчө кырдаалдар министри болуп, 2000-2002-жылдары Жалал-Абад облусунун губернатору кызматында иштегени, 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланганы айтылат. Анын жакындары жана адвокаты менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

ЖК дин боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 12-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Министрлер кабинети сунуштаган документ кабыл алынса, китепчелерди жана баракчаларды таратуу, динди таңуулоо максатында диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат. Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек.

Сахалин: мигранттардын үй чарбаларында иштөөсүнө тыюу салынат

Орусиянын Сахалин регионунун бийлиги мигранттарга жеке адамдардын (физикалык жактардын) үй чарбаларында иштөөгө тыюу салат. Бул тууралуу аймактын өкмөтүнүн сайтында айтылат.

Мындан тышкары келгиндерге патент менен эмгектенүүгө уруксат берилбеген тармактар 24кө чейин кеңейтилди. Эмгек жана элди жумуш менен камсыз кылуу агенттигинин жетекчиси Татьяна Бабичтин маалыматына ылайык, чектөөлөр квалификациясы төмөн чет өлкөлүк жумушчулардын санын азайтууга жана жергиликтүүлөрдү ишке орноштурууга өбөлгө түзөт.

Буга чейин Сахалинде чет элдик жарандарга нан жабуу, азык-түлүк менен соода кылуу, такси, жүргүнчү ташуу, тамак-аш жеткирүү, мектепке чейинки билим берүү тармактарында, ресторандарда, коопсуздук ишканаларында эмгектенүүгө тыюу салынган.

Мартта Москвадагы Крокус Сити Холлдо болгон теракттан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөдү. Ал кол салууну расмий версияга караганда тажик жарандары уюштурган.

Эмгек мигранттарын кармоо, аскердик каттоого коюу, башка кысым-басым учурлары көбөйдү.

Орус Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 65 миңден ашуун чет элдик өлкөдөн депортацияланды, 120 миң мигрантка кирүүгө тыюу салынды. Жумушчу күч тартыш болуп жаткан чакта Орусияга барган мигранттардын саны азайды.

Былтыр октябрда чет өлкөлүк жарандарга мектептерде, фармацевтикалык тармактарда, мамлекеттик медициналык мекемелерде, такси жана жүк ташуу кызматтарында иштөөгө тыюу салууну караган мыйзам долбоору Мамлекеттик думага сунуш кылынган. Бир катар региондор келгиндерге башка тармактарда да иштөөгө уруксат бербейт.

Быйыл дүйнөдө 54 журналист кесибине байланыштуу каза тапты

2024-жылы дүйнөдө 54 журналист кесибине байланыштуу каза тапкан. Францияда жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму өз отчетунда өзгөчө жаңжалдар жүрүп жаткан аймактарда журналисттерге кол салуулар көбөйгөнүнө тынчсызданат.

Баяндамага ылайык, 54 журналисттин 31и согуш зоналарындагы окуяларды чагылдырып жүргөндө набыт болгон. Бул – беш жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Газа эң кооптуу жер деп сыпатталган. Быйыл бул тилкеде кесиптик милдетин аткаруу убагында каза тапкан журналисттер жалпы көрсөткүчтүн 30% түздү.

Он айда Кыргызстанга сырттан 2,5 млрд доллар которулду

Быйыл январь-октябрь айларында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 2,5 млрд доллар которулган. Улуттук банктын маалыматына караганда, бул былтыркы он айдагы көрсөткүчтөн көп. Которулган акчанын басымдуу бөлүгү - 2,3 млрд доллар Орусиядан келген. Кыргызстандан Орусияга бул аралыкта 323 млн доллар которулган. Алыскы чет өлкөлөрдөн 158 млн доллардан ашуун которулган. 2023-жылдын январь-октябрында өлкөгө сырттан которулган акчанын суммасы 2,2 млрд доллар болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG