Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:54

Кыргызстанда чет өлкөлүк мигранттар жаңы жобо менен иштейт


Кыргызстанда иштеп жаткан бангладештик мигранттар. Бишкек. 2024-жыл.
Кыргызстанда иштеп жаткан бангладештик мигранттар. Бишкек. 2024-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 2025-жылдын 1-январынан тартып пилоттук долбоордун алкагында чет өлкөлүк жумушчулар үчүн “Бирдиктүү уруксат” жобосу ишке кирерин эскертти.

Мекеменин басма сөз кызматы 9-декабрда маалымдагандай, жаңы жобо иштөөгө берилген мурунку уруксатты жана эмгек визасын камтып, “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча таризделет.

2025-жылдын 1-январынан тартып чет элдик жаран же анын жумуш берүүчүсү квота жана эмгек визасын алуу үчүн дароо эле “Электрондук виза" (www.evisa.e-gov.kg) порталы аркылуу “Бирдиктүү уруксатты” алууга кайрылса болот. Документти карап чыгуу мөөнөтү да жети күнгө чейин кыскартылат.

“Бирдиктүү уруксат” үчүн төлөм - эмгек визасынын жана бир жылдык иштөөгө уруксат кагаздын баасын камтыйт. Төлөм уруксатка өтүнмө бергенде алынат.

Мындан тышкары, чакыруучу тарап чет өлкөлүк жарандын Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн камсыздоо максатында кепилдик үчүн акча төлөйт. Бирок виза же уруксат кагазын ала албай калса ал акча кайтарылбайт.

ТИМ бул чаралар өлкөнүн миграциялык процесстерин тартипке келтирүүгө жана мониторинг жүргүзүү механизмдерин реформалоого багытталганын маалымдады.

Кыргыз өкмөтүнүн расмий маалыматына ылайык, 2024-жылы чет элдик эмгек мигранттардын эмгек квотасы 25 миңге жеткен. Эмгек мигранттары Бангладештен, Пакистандан жана Кытайдан көп келет.

Квотанын 63% өнөр жай, курулуш жана транспорт тармагына берилген. Тоо-кен тармагы менен соода, тейлөө жана ишкердикке 13-14% туура келет.

Иш жүзүндө Кыргызстанда эмгектенип жүргөн чет элдик мигранттардын саны каралган квоталардан жана расмий катталгандардан алда канча көп экени айтылат. Эмгек мигранттарына бөлүнгөн квотадан тышкары, студенттик жана ишкердик визалар менен жүргөндөр миңдеп саналат.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG