Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Бишкек шаардык кеңешине төрага болуп Бекжан Үсөналиев шайланды


Бекжан Үсөналиев. Архив сүрөт
Бекжан Үсөналиев. Архив сүрөт

2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин жаңы шайланган курамы алгачкы отурумга чогулуп, кеңештин төрагасын шайлады. Алгач бул орунга “Адилет” партиясы Бекжан Үсөналиевдин, “Жаңы күч” Жылдызбек Абдраимовдун талапкерлигин сунуштамак болгон. Кийин Абдраимов баш тартып, Үсөналиев жалгыз талапкер болду.

Жабык добуш берүүдө шаардык кеңештин депутаттарынын 43ү Үсөналиевдин талапкерлигин колдосо, төртөө каршы чыгып, үчөө добуш берүүдөн карманган.

36 жаштагы Үсөналиев буга чейинки чакырылышта “Ишеним” партиясынын тизмеси менен шаардык кеңештин депутаты болгон.

Бүгүнкү жыйында Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конушбаев депутаттарга төш белгисин тапшырды. Депутаттар ант беришти.

Бул отурумдун күн тартибине кеңештин төрагасын, орун басарын шайлоо, фракцияларды каттап, алардын лидерлерин бекитүү, туруктуу комиссиялардын курамын бекитүү жана шаардык кеңештин ишин уюштурууга багытталган башка маселелер киргизилген.

Бишкек шаардык кеңешине бул чакырылышта 51 депутат шайланды.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өткөн. Анын жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешине "Жаңы күч", "Эмгек", "Адилет", "Ынтымак" жана "Эл үмүтү" партиялары шайлоо босогосунан өтүп келишти.

Шерине

XS
SM
MD
LG