Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Аба ырайы: Сел, суу каптоо коркунучу бар


Кыргызстанда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, кооптуу аймактарды суу капташы мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

8-апрелде түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо карга айланат, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндуз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14°, күндүз 24…26° жылыйт.

Шерине

XS
SM
MD
LG