Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:50

Дин комиссиясы: сурамжылоого катышкандардын 80% ашыгы диний кырдаалды оң баалайт


Дин комиссиясы тараткан маалымат.
Дин комиссиясы тараткан маалымат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстандагы диний кырдаал тууралуу сурамжылоо жүргүздү. Ага жашы 18ден жогору 1,5 миңден ашык адам катышты. Жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын 81,4% учурдагы диний кырдаалга оң баа берген. Жалпысынан тизмеде 50дөн ашык суроо болгон.

"Өз кезегинде жарандардын 11,7% “чыңалуу бар” жана 2,2% "өтө кооптуу” деп жооп берген. Респонденттердин 4,7% жооп берүүдөн кыйналган. Аймактардан эң жогорку оң баа Нарын облусунда (89,7%) болгон. Кырдаалга эң начар баа Бишкек шаарында (71,3%) берилген. Ошондой эле “сиздин оюңузча, акыркы 2-3 жылда өлкөдөгү диний чөйрөдөгү абал жакшырдыбы же начарладыбы?” деген суроого респонденттердин 34,5% “олуттуу өзгөрүүлөр бар”, 34,3% “анча-мынча өзгөрүүлөр бар” деп жооп берген. 10,5% "өзгөрүү жок" деп билдирсе, 7,1% "абал начарлап кетти" деген пикирин айткан. Респонденттердин 2,8% "абал аябай начарлап кетти" деген пикирде болгон. Калган 3,1% үчүн «оң жана терс өзгөрүүлөр бар» болсо, 7,7% “жооп берүү кыйынга” турган",-деп жазылган маалыматта.

Ушул тушта өлкөдө "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатат. Бул документке байланыштуу президент Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер менен жыйын өткөргөн. Анда бул мыйзам долбооруна алымча-кошумчалар киргизилип жатканын, буга чейин дин аалымдары менен бир нече жолу чогулуп, пикир алмашуу болгонун белгилеген. Ошондой эле "диний чөйрөдө муфтиятка жана Аалымдар кеңешине урмат-сыйдын жоктугунан башаламандык орун алып жатканын" эскерткен.

Дин иштери боюнча комиссия бул мыйзам долбоорун 30-августта коомдук талкууга койгон. Жалпысынан 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Мыйзамды бузгандарга айып пул салуу жагы каралган.

Андан сырткары коомдо мыйзам долбоорун "дааватка каршы" деген пикирлер айтылып, талкуу жаралган. Муну мыйзам долбоорунун авторлору аны четке каккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG