Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Жапониянын тышкы иштер министри Украинага күтүүсүз келди


Такеши Иваянын Украинага сапары тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес.
Такеши Иваянын Украинага сапары тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес.

Жапониянын тышкы иштер министри Такеши Ивайя Украинага күтүүсүз сапар менен келди. Бул тууралуу жапониялык Kyodo маалымат агенттиги кабарлады. Муну менен "Токио Киевге Орусиянын аскердик агрессиясына каршы күрөшүндө колдоо көрсөтүп жатканын" белгиледи. Анын алдында министр Польшада болгон жана Украинага келери алдын ала жарыяланган эмес.

Kyodo Ивайя ишембиде Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига менен жолугарын, президент Владимир Зеленский менен дагы кездешүүсү мүмкүндүгүн жазды.

Жапон министринин бул сапары Орусиянын тарабында Түндүк Кореянын аскерлери дагы согушуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап жаткан учурга туш келди.

Бир апта мурун Орусиянын президенти Владимир Путин Москва менен Пхеньяндын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Документке ылайык, эгер эки өлкөнүн бири куралдуу кол салууга кабылса, экинчиси тез арада аскердик же башка жардамын берүүгө милдеттүү болот, үчүнчү өлкөлөр менен экөөнүн бирине залака тийгизиши ыктымал келишимдерге кол койбойт.

Украина, Батыш өлкөлөрү жана НАТО Орусияга Түндүк Кореядан он миңдеген аскер келгенин, Москва аларды Украинага каршы согушка салууну көздөп жатканын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG