Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:05

Султанбековдун атасы уулунун коопсуздугуна бийлик жооптуу экенин айтты


Медетбек Султанбеков менен Темирлан Султанбеков. Коллаж.
Медетбек Султанбеков менен Темирлан Султанбеков. Коллаж.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков уулунун камалышы тууралуу элге жана бийликке видео кайрылуу жолдоду. Анда өзү Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери экенин, 30 жыл өлкөгө кызмат кылганын айткан. Уулуна татыктуу тарбия бергенин, ушул күндөрү ага мыйзамсыз иш-аракеттер болуп жатканына токтолгон. Баласынын коопсуздугуна мындан ары өлкө бийлиги жооптуу болорун белгилеген.

“Мен уулум менен сыймыктанам жана аны чынчыл, акыйкат болуу, кыргыз элине кызмат кылуу деген сапаттарга ээ кылып тарбиялаганымды ишенимдүү айта алам. Ушул күндөрү Темирланга жасалган мыйзамсыз аракеттерге үн катпай, реакция кылбай келдим. Аны мыйзамсыз 16 саат бою суракка алып, талапкердин конституциялык укугу бузулуп жатканда дагы унчуккан жокмун. Уулумду уурдап кетишкенде дагы үн катпадым. Кечээки сотто ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлеринин аракеттеринен кийин ата катары менин уулумдун коопсуздугуна тынчсыздана баштадым. Бүгүнтөн тартып Темирландын саламаттыгы жана өмүрү үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөйм”,-деди Султанбеков.

Садыр Жапаров жана анын администрациясы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Бишкектеги Свердлов райондук сотунун чечими менен 15-ноябрда Темирлан Султанбеков жана партиянын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевер эки айга камалды.

Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Султанбеков милициясынын убактылуу кармоочу жайында турганда 16 саат токтоосуз суракка алынганын, бул процессуалдык жактан мыйзамсыз экенин даттанганын билдирген.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

Партия бул чечим менен макул эместигин жана Борбордук шайлоо комиссиясына даттана турганын кабарлаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG