Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:53

Балыкчы-Кочкор жолу бир ай бою күндүз жумасына үч ирет жабылат


Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу 2022-жылы башталган.
Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу 2022-жылы башталган.

Балыкчы-Кочкор жолунун 39-90 чакырымынан 42-90 чакырымына чейин 18-ноябрдан тартып 18-декабрга чейин күндүз маал-маал менен жабылат. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын билдиришинче, бул убакта темир жолдун курулушуна байланыштуу аталган тилкеде жардыруу иштери болот.

“Жардыруу дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 8:00дөн 17:30га чейин жүргүзүлөт. Бул иштер Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү жолго чыгууну пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранабыз”,-деп жазылган маалыматта.

Аталган ишкана сентябрь айында Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун 35 чакырымы курулуп бүткөнүн билдирген. Жалпы узундугу 186 чакырымга созулган бул жолдун курулушу 2022-жылы майда башталган жана 2030-жылга чейин аяктай турганы, ага өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.

Андан көп өтпөй “Кыргыз темир жолу” Орусиянын компаниялары аталган темир жол долбооруна катышарын билдирген. Буга байланыштуу аталган мекеме “Орусиялык экспорттук борбор” жана “РЖД интернешнл” компаниялары менен 2022-жылы 9-декабрда Бишкекте үч тараптуу меморандумга кол койгон.

Ушул аптанын башында Кыргызстандын транспорт жана байланыш министрлиги АКШ өкмөтүнө бул долбоорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштаганы белгилүү болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG