Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

6-ноябрь: Эрдоган орток алфавитке өтүүнү сунуш кылды, Трамп президенттик шайлоодо жеңди


Дональд Трамп жана Мелания Трамп. 2024-жылдын 6-ноябры.
Дональд Трамп жана Мелания Трамп. 2024-жылдын 6-ноябры.

6-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Бишкек палестин-израил жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүнү колдойт

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан палестин-израил жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүдө дүйнө коомчулугунун күч-аракетин бириктирүүнү колдой турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 6-ноябрда Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммитинде сүйлөгөн сөзүндө айтты. Президент Израилди эл аралык гуманитардык укуктун принциптери менен нормаларын сактоого жана жарандардын гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз алуусун камсыз кылуу милдетин аткарууга чакырды.

Бишкекте окуучунун апасынан тил уккан мугалим жумуштан кетти

Окуучунун апасы тилдеген Бишкектеги №57 мектептин тарых сабагынан берген мугалими жумуштан кетти. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 6-ноябрда мектептин директорунун милдетин аткаруучу Айнура Сыдыкованы кабыл алганда белгилүү болду. Министр жумуштан кетүүгө аргасыз болгон мугалимдин ишке кайтып келүүсү боюнча иш алып баруу тапшырсын берди. Социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп жатканы тартылган видео тараган. Анда окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, “300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап, “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген. Окуучунун апасы окуя тууралуу комментарий бере элек.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттерди орток алфавитке өтүүнү сунуштады

Түрк лидери Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитинде Эрдоган Түркия, Азербайжан жана Түндүк Кипр орток алфавитке өтүүгө даяр экенин айтып, Кыргызстанды, Казакстанды, Өзбекстанды жана Түркмөнстанды да ушундай чечим кабыл алууга чакырды. Быйыл 9–11-сентябрда Азербайжандын борбору Бакуда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун “Түрк дүйнөсүнүн орток алфавит комиссиясы” деп аталган комиссиясынын 3-отурумунда түрк тилдүү өлкөлөр орток алфавит кабыл алуу чечимине келишкен. Ушул тапта Кыргызстан менен Казакстан кириллицаны колдонот.

Улуттук банк валюта базарына 62 миллион 400 миң доллар сатты

Улуттук банк 5-ноябрда валюта базарына 62 миллион 400 миң доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды. Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери 21 ирет интервенция жасап, анын көбүндө долларды сатып алды. Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 80 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 86 сом 20 тыйындан сатып алынып, 86 сом 55 тыйындан сатылууда. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

Трамп шайлоочулар коллегиясынын 270тен көп добушун алып, жеңишке жетти

АКШнын көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинен Associated Press жана CNN маалымдагандай, 5-ноябрдагы шайлоонун баштапкы жыйынтыгы менен Дональд Трамп жеңишке жетүү үчүн зарыл болгон шайлоочулар коллегиясынын 270ден кем эмес добушун алып, атаандашы Камала Харристен озуп чыкты. Азыркы саатка карата ага берилген добуштардын саны 277ни түзүүдө. Республикачылардын талапкери, мурдагы президент Дональд Трамп жеңгенин өзү да шайлоочуларынын алдына барып жарыялады. Демократтар партиясынын талапкери, азыркы вице-президент Камала Харрис азырынча билдирүү жасай элек.

Ливан Израилдин соккусунан дагы 20 киши каза болгонун кабарлады

Өлкөнүн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына таянып, Reuters кабарлагандай чабуул борбор калаа Бейруттун түштүгүнө урулганы, турак үй талкаланганы белгилүү болду. 14 киши жараат алганы, жабыркагандар көбүрөөк болушу ыктымал экени, анткени урандыларды тазалоо иши уланып жатканы кабарланды. Бир жыл мурда бир күндө 1200дөй кишисинен айрылган кандуу кол салуудан кийин Израил Газада жана Ливанда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобуна жана "Хезболлага" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) каршы күрөшүп жатканын билдирүүдө. "Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.

Украина Орусия Курскиде 45 миң аскерин топтоп турганын билдирди

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдиргендей, Москва күчүн Түндүк Кореядан барган аскер кызматкерлеринин эсебинен бекемдөөгө аракет кылууда. Сырскийдин мындай билдирүүсү Орусияда парламенттин жогорку палатасы Федерация Кеңеши Пхеньян менен түзүлгөн аскердик жардам тууралуу келишимди ратификациялаганы белгилүү болгон күнү жарыяланды. АКШ түндүк кореялык кеминде 10 миң аскер Орусияга барганы анык экенин маалымдаган. Сырскийдин айтымында, Украина Курскиге кирген күндөн тартып 7 905 орус аскерин жок кылды, дагы 12 220сы жараат алды, 717си туткунга түштү.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусияны айланып өтүүчү коридорду пайдаланууга чакырды

Казак лидери транспорттук-логистикалык байланыштарды, анын ичинде Кытайдан Европага Орусияны айланып өтүүчү каттамды чыңдоо Түрк мамлекеттери уюмунун артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи. ТМУнун Бишкекте өткөн саммитинде Борбор Азия өлкөлөрү, Каспий деңизи жана Түштүк Кавказ аркылуу өткөн "Ортоңку коридордун" потенциалын толук колдонууну сунушталды. "Түрк дүйнөсүнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн "Ортоңку коридордун" потенциалын толук пайдалануу зарыл. Анын стратегиялык мааниси бар", - деди ал. Токаев мындан сырткары түрк дүйнөсүндө маалыматтык мейкиндикти түзүү үчүн биргелешкен кабелдик телеканалдар тармагын уюштуруу зарылдыгын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG