Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө


Молдовадагы шайлоо тилкелеринин бири. 3-ноябрь, 2024-жыл
Молдовадагы шайлоо тилкелеринин бири. 3-ноябрь, 2024-жыл

Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп жатат. Шайлоого эки талапкер ат салышууда - батышчыл көз караштагы азыркы президент Майя Санду жана Орусия колдогон талапкер, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло.

Өлкөдө добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө ачылды. Жалпы 2,2 миңден ашуун шайлоо тилкесинин 231и чет мамлекеттерде жайгашкан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында жеңишке жеткен талапкер төрт жылдык мөөнөткө президент болуп шайланат. Шайлоо Молдованын убактысы менен кечки саат 21.00дө аяктайт.

20-октябрдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда өлкөнүн евроинтеграциясын жактаган азыркы башчы Майя Санду добуштардын 42,49%, ал эми анын негизги атаандашы, социалист, Орусия колдогон саясатчы, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 25,9% алган.

Ошол эле күнү Молдовада өлкөнүн Европа багытын бекемдөөнү көздөгөн референдум өткөн. Жыйынтыгында "Ооба" дегендер 50,38% жетип, көпчүлүктү түзгөн. "Каршы" деген добушун бергендер менен ортодогу айырмачылык өтө аз болуп чыккан.

Санду бул добуш берүү күнү да, ага чейин да Молдова Орусия артында турган күчтөрдүн өтө чоң басымына, кийлигишүүсүнө кабылганын айткан, мындай болорунан кооптонуусун ал буга чейин да билдирген.

Орусия Молдовадагы шайлоо жараянына кийлигишүү тууралуу айыптоолорду четке кагууда.

Добуштардын саны жагынан Сандудан жана Стояноглодон кийинки орунга ишкер Ренато Усатый чыккан. Ага добуштардын 14% тийген. Бул талапкер экинчи турга чыккан саясатчылардын эч кимисин колдогон жок, шайлоочуларын өзүлөрү каалагандай добуш берүүгө чакырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG