Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Кыргыз мамлекеттик цирки оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды


Кыргыз мамлекеттик цирки оңдолгондон кийин. 2-ноябрь, 2024-жыл.
Кыргыз мамлекеттик цирки оңдолгондон кийин. 2-ноябрь, 2024-жыл.

2-ноябрда Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин имараты оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.

Президенттин басма сөз кызматы реконструкциялоонун алкагында цирктин электр системалары жана канализациясы алмаштырылганын, полу жана шып жаңыртылганын, жаңы жылытуу системасы орнотулганын билдирди. Мындан тышкары, чарбалык бөлмөлөр, аттарды кармоо жана багуу жайлары, артисттер үчүн кабинеттер жасалып, манеж жаңыртылды. Канча каражат сарпталганы айтылган жок. Цирктеги оюн-зоок иш-чараларга билет сатуу толугу менен автоматташтырылып, накталай эсептешүүлөр алынып салынган.

Цирктин оңдоодон өткөн имаратын ачуу аземине президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, маданият тармагынын кызматкерлери катышты. Президент цирктин кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүү маселесин чечүү тапшырмасын бергени айтылды.

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки 1962-жылы түзүлүп, имараты 1976-жылы курулган жана бул убакытка чейин толук оңдолгон эмес.

Цирктин жамаатында 2010-жылдардан бери пикир келишпестик уланып келип, 2023-жылы Садыр Жапаров 7-июлда мамлекеттик циркти текшерип, толук оңдоп чыгуу тапшырмасын берген. Быйыл октябрь айында Асланайым Аширова цирктин директору болуп дайындалган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG