Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Казакстан жакынкы келечекте БРИКС уюмуна кошулууну көздөбөйт


БРИКСтин саммити. Архив
БРИКСтин саммити. Архив

Казакстан жакынкы келечекте БРИКС уюмуна кирүүнү көздөбөйт. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди. Tengrinews.kz. маалымдагандай, бул - уюмга кошулуу арызы көпкө каралганы, андан тышкары анын “өнүгүү перспективаларына байланышкан” маселелер менен түшүндүрүлөт.

Уали президент Касым-Жомарт Токаевге БРИКСке кошулуу сунуштары түшкөн, бирок улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен ал “эл аралык актуалдуу маселелер талкуулана турган универсалдуу уюм катары БУУга артыкчылык” берерин айтты.

Акордонун расмий өкүлү президент эмки аптада БРИКСтин Казандагы саммитине катышарын бышыктады. Быйыл уюмга Орусия төрагалык кылууда.

БРИКСти 2006-жылы Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка негиздеген. Быйыл ага Иран, Бириккен Араб Эмирлиги, Эфиопия жана Египет кошулду. Ошондой эле мүчө болуу арызын Малайзия менен Азербайжан жолдоду. Bloomberg өз булактарына таянып, бир нече ай мурун Түркия да БРИКСке кирүү ниетин билдиргенин жазган.

Уюмдун кеңейиши тууралуу Татарстандын баш калаасында 22-24-октябрь күндөрү өтчү саммитте жарыяланары күтүлүүдө.

Ошол эле маалда орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун июнда жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу убактылуу токтоорун айтканы бар.

Уюм түптөлгөндө анын алдына экономикалык максаттар коюлган. Бирок азыр негиздөөчү айрым мамлекеттер геосаясий максаттарды да көздөгөнү айтылып келет.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казан саммитине катышарын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" 29-августта билдирген.

XS
SM
MD
LG