Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 4 тепкич артка кетип, 106-орунду ээледи


Кыргызстандын футбол курама командасы. Июнь, 2024-жыл.
Кыргызстандын футбол курама командасы. Июнь, 2024-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде дагы төрт тепкичке артка кетип, 106-орунду ээледи (210 кураманын ичинен).

19-сентябрда жарыяланган рейтингдин көч башында Аргентина, Франция жана Испания турат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын курамасы бир тепкич өйдө көтөрүлүп 60-орунга, Тажикстан 103-орунга илинди. Казакстан 109-орунга жазылып, буга чейинки көрсөткүчүн сактап калды.

Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундундагы 2-турунда 10-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Өзбекстан менен ойноп, 2:3 эсебинде жеңилген. 5-сентябрда Иранга 1:0 эсебинде утулган.

Кыргызстан Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн 3-раунддагы тандоо оюндарында А тобуна Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), жана Түндүк Корея менен бөлүнгөн.

Кыргыз футболчулары алдыда 10-октябрда Катарда, 15-октябрда Бишкекте Түндүк Корея менен, 14-ноябрда Бириккен Араб Эмиратында, 19-ноябрда Бишкекте Иран менен ойнойт. Андан кийинки оюндар 2025-жылдын март айынан баштап уланат.

2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.

3-раунддагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама алтыдан үч тайпага бөлүндү. Оюндар үйдө жана конокто өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомо алат.

5-сентябрда башталган 3-раунддагы тандоо оюндары, 2025-жылдын июнь айында аяктайт. 4-5-раунддагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат. (BTo)

XS
SM
MD
LG