Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:19

Казакстандык футболчулар Улуттар лигасында Словенияга утулду


Казакстандык футболчулар Словения менен оюндан кийин. Алматы. 2024-жыл, 13-октябрь
Казакстандык футболчулар Словения менен оюндан кийин. Алматы. 2024-жыл, 13-октябрь

Казакстандын футбол боюнча улуттук командасы Улуттар лигасында үчүнчү ирет катары менен жеңилди. 13-октябрда кошуна өлкөнүн футболчулары Алматыда Словенияга 0-1 эсебинде утулду.

«Азаттыктын» казак редакциясы жазгандай, биринчи таймда курамалар тең чыгып, казакстандыктар кыйла шайдоот ойногон.

Экинчи таймда Казакстандын футболчулары бир аз ыкшоолук кылып, Ян Млакар гол киргизүүгө жетишти.

Орусиялык Станислав Черчесов машыктырган казак курама командасы Улуттар лигасынын В дивизионунда ушу тапта акыркы сапта келатат, эми С тобуна кирип калышы мүмкүн. Казакстан кирген дивизиондо Норвегия биринчи орунда баратат. Бул топко Австрия да кирет.

Словения менен Казакстан бир жарым жылда төрт жолу беттешип, төртөөндө тең казактар жеңилип калды.

XS
SM
MD
LG