Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:27

Стамбулда кыргыз тилин өнүктүрүү форуму өтүүдө


Kыргыз тилин өнүктүрүү форуму. Стамбул шаары
Kыргыз тилин өнүктүрүү форуму. Стамбул шаары

Түркиянын Стамбул шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата форум өтүп жатат.

Ага Орусия, Казакстан, Британия, Германия сыяктуу 10 өлкөдөн кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чарада чет өлкөдөгү кыргыз мекендештердин эне тилге мамилеси, мигранттардын жалпы абалы талкууланууда. 2023-жылы 17-июлда президент Садыр Жапаров Мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Мыйзамдын 32-беренесинде мамлекеттик тилди билүүгө, аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган.

Ага депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер ж.б. киргизилген.

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 35 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынган. Андан бери кыргыз тилиндеги жазуу эрежелери бир канча жолу өзгөртүлүп, жаңы технологиянын өнүгүшү менен жаңы сөздөр да кирди.

Өткөн жылы "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзам кабыл алынды. Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден көбү Орусияда, 25 миңдейи Түркияда.

XS
SM
MD
LG