Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Украина менен Германиянын лидерлери Берлинде жолугушту


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Германиянын канцлери Олаф Шольц. 11-апрель, 2024-жыл. Берлин.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Германиянын канцлери Олаф Шольц. 11-апрель, 2024-жыл. Берлин.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 11-апрелде Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолукту. Шольц Германия, Бельгия, Дания жана Норвегия биргеликте Украинага $1,5 млрд аскердик жардам бөлөрүн жарыялады.

Зеленский кошумча аскердик жана каржылык жардам издеп Европадагы өнөктөш мамлекеттерди кыдырууну улантууда.

Рим Папасы Франциск менен 35 мүнөткө созулган сүйлөшүүсүндө Зеленский Ватикандан орус армиясы тутканга алган украин жарандарын, анын ичинде балдарды бошотууга жардамдашууну суранды.

Ватиканга чейин ал Лондондо, Парижде жана Римде болуп, кызматташтарына өзүнүн "жеңиш планын" сунуштады.

Италиянын өкмөт башчысы Жоржиа Мелони Зеленский менен жолугушуудан кийин Рим кийинки жылдын жайында Украинаны калыбына келтирүүгө жардам берүү максатында конференция өткөрөрүн жарыялады.

Ал арада Одесса облусунун губернатору Олег Кипер кабарлагандай, 11-октябрдын таңында жасалган орус армиясынын соккусунан каза болгондордун саны тогузга жетти. Алардын арасында 16 кыз да бар.

"Карапайым тургундар жашаган жана иштеген эки кабаттуу үй толугу менен талкаланды",-деп жазды Кипер Телеграмга.

Ал арада Харьков облусунда орус күчтөрүнүн дрон соккусунан 38 жаштагы киши набыт болгонун жергиликтүү администрация башчысы билдирди.

XS
SM
MD
LG