Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Оштон Москвага барган мигрант аэропортто катуу текшерүүлөр болгонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-октябрда Ош-Москва каттамындагы учак менен Москвага барган жүргүнчүлөрдүн 40 чактысы Орусияга кире албай калганы кабарланды.

Бул тууралуу Москванын Жуков аэропортунда беш сааттай кармалып, телефону, документтери тыкыр текшерилгенден кийин гана шаарга чыгууга уруксат берилгенин айткан кыргызстандык жаран "Азаттыкка" билдирди.

Анын маалыматына караганда, текшерүүнүн жана кармоонун себеби айтылган эмес.

"Жалпы 40тан ашык адамды текшерди. Арасынан депортация болгондор да бар, алардын так санын билбейм. Артка кайтарылгандардын арасында өзбек улутундагы жарандар көп эле. Телефондорду дагы текшерди. Бизден бир-эки күн мурун баргандарды дагы ошентип депортация кылыптыр. Алар дагы деле аэропортто турушат, мен экөө менен сүйлөштүм", - деди аты-жөнүн ачык жазбоону суранган мигрант.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги, Тышкы иштер министрлиги жана Орусиянын тиешелүү мекемелери бул маалыматтар, текшерүүлөр тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстандан учуп барган мигранттарды орусиялык чек арачылар аэропортто бир нече сааттап кармап, айрымдарын артка кайтарган учурлар буга чейин да катталган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сентябрь айынын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 5-октябрда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алып, кыргыз мигранттарынын маселесин талкуулаган. Анда Орусиядагы кыргыз мигранттарынын балдарын мектепке киргизүү жана Орусиядан аэропорттон артка кайтарылган кыргызстандыктар боюнча сүйлөшүү болгону кабарланган.

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар.

Быйыл март айындагы Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин, Орусияда мигранттарга каршы рейддер, басым-кысым күчөгөн. Теракт уюштурууга шек саналып камалгандардын дээрлик бардыгы теги борбор азиялык, негизинен Тажикстандын жарандары болуп чыккан. (DSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG