Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

"Миллион сомго чейин айып пул келди". Ишкерлер Салык кызматына нааразылык билдирүүдө


Коллаж
Коллаж

Бишкек шаарындагы бир катар орто жана чакан ишкерлер салыкчылар 2024-жылдын жарым жылдыгы менен жүз миңдеген айып салып жатканын айтып даттанышууда.

Аларга саткан товардын электрондук эсеп фактурасы жок деген себеп менен жарым жылдагы соода жүгүртүүсүнөн 10% төлөм төлөтүп алууга милдеттендирген билдирүүлөр келген. Салык кызматы мыйзам талаптары менен рыноктун эрежелери так сакталышы кажет деп эсептейт.

Жакында бир катар соода борборлоруна салыкчылар келип, соодагерлердин соода жайы менен кампаларын текшерүүгө алган. Жыйынтыгында ондогон ишкерлерге товарларынын электрондук эсеп-фактурасы жок деген негиз менен 10% салык төлөмүн милдеттендирип кетишкен.

Ишкерлердин нааразылыгы

Бишкектеги соода борборлорунун биринде телефон сатып иштеген Алтынай салыкчылар ишкерлерге "тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн ордуна, жазалоого кызыкдар болуп жатканын" айтууда.

“Мисалы, менин дүкөнүмө 78 000 сом айып пул келди. Жанымдагы кошунама 217 000 сом айып пул келди. Миллион сомго чейин айып пулдар келди. Товарга анча кошулбайт да, атүгүл 10% да кошулбайт. Мисалы, 1000 долларлык товарды мен 1200 долларга сатпайм да. Миң долларлык товарга мен балким 10-20-30 доллар кошушум мүмкүн, 2-3%. А булар 10% айып пул деп атышат. “Эмнеге?” деп таң калып, сурасам, “сиз бул товарды сатканда кассадан өткөргөнсүз” дейт, мен “ооба, сиздер өткөр дегенсиздер, мен өткөрдүм, эсептеп туруп, анын салыгын төлөдүм” десем, “жок, сен ал товарды кайдан алдың, сага товарды берген киши электрондук эсеп фактура бериши керек болчу” дейт. Январда мен кассадан канча өткөргөнүмдү алар көрдү, салык алды. Февралда өткөргөндөрүмө дагы салык алды. Анан эмне үчүн январда-февралда айтпайт? “Эй, сен макул өткөрүп атыптырсың, электрондук эсеп-фактураң кана” деп эмнеге айткан жок? Менин оюмча, “көбүрөөк топтолсун, көбүрөөк салык салалы” деп булар атайын алты ай күттү”.

Бишкектеги борборлордун биринде сатылып жаткан телефондор
Бишкектеги борборлордун биринде сатылып жаткан телефондор

Ушул күндөрү ГУМ, “Ред-Центр”, “Дордой-Плаза” өңдүү бир нече соода борборунда эмгектенген жүзгө чукул ишкерлер Министрлер кабинетине кайрылуу жолдогону турушат.

Ишкерлер мыйзам боюнча жеткирүүчүлөр товарга электрондук эсеп-фактураларды кошуп берүүгө милдеттүү экендигине карабай, алардын көпчүлүгүндө мындай документ жок экенин, башка тандоо жоктугунан улам товарды документсиз алууга аргасыз болушарын айтышууда.

Мыйзамды так аткаруу үчүн өлкөгө келген товарды чек арадан кирип жатканда, бажыдан дыкат документтештирүү зарылдыгын, ошондо гана импортчулар да укуктук жактан так таризделген товарга ээ болуп, алардан дүң сатып алган чакан ишкерлер да товарды электрондук эсеп-фактуралары менен алышмак дешет.

Бул чынжырча туура иштеши үчүн бажыдан тарта чекене сатуучуга чейин өз ишине так болушу зарылдыгын белгилешет.

Салык кызматынын жообу

Салык кызматынын Товарларга байкоо жүргүзүүнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Кантемир Эркебаев ишкерлер мыйзамды так сактоого көнүшү керектигин айтты:

“Салык кызматы катары биз өлкөдөгү ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдарды жана эрежелерди сактоого милдеттүүбүз. Бул жерде камералдык текшерүүнүн чечими менен айыптык санкциялар эсептелбей турганын, өз убагында төлөнүүгө тийиш болгон тиешелүү салыктар гана эсептелерин түшүнүү керек. Ишкерлердин айрым катмарлары үчүн бул салыктар ашыкча сезилиши мүмкүн. Бирок алар салык мыйзамдарын сактоо зарылдыгынын натыйжасы. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, рыноктун бардык катышуучулары өз товарларын электрондук эсеп-фактураларды жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу менен сатууга жана сатып алууга милдеттүү. Соода операцияларын жүргүзүүдө мындай документтердин жоктугу, тилекке каршы, тиешелүү кесепеттерге алып келген мыйзам бузуу болуп саналат. Керектүү документти бере албаган жеткирүүчүлөрдөн товарларды сатып алууда бул сиз үчүн да, сиздин ишмердигиңиз үчүн да укуктук тобокелдиктерди жаратарын түшүнүү керек”.

Кыргыз өкмөтү 2022-жылдан бери өлкөдө фискалдык реформаларды жүргүзүп келет. Жаңы Салык кодекси кабыл алынып, анда көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз өңдүү бир катар жаңы механизмдер киргизилген.

Ишкерлер мындай өзгөрүүлөргө башында катуу каршы чыгып, нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Министрлер кабинети фискалдык реформалар ишкерликтеги ачык-айкындыкты күчөтүп, көмүскө экономиканы кыскартарына жана жыйналган салыктын көлөмү көбөйөрүнө ишеним артып келет.

Кыргызстандын Салык кызматынын башкы имараты
Кыргызстандын Салык кызматынын башкы имараты

Талашты чечүүнүн жолу барбы?

Эксперттер Салык кызматы менен ишкерлердин ортосунда жаралган талаштуу жагдайдын 90% ашыгы мамлекеттин пайдасына чечилерин айтышат.

Алар ишкерлер үчүн өз укугун талашып, кызыкчылыгын коргоо механизмдери мыйзамдарда каралбай келатканын белгилешет.

Салыктык саясат боюнча эксперт Элмира Ускенбаева ишкерлер менен салыкчылардын ортосундагы абалды мындайча түшүндүрдү:

“Салык кызматында салык төлөөчүлөрдү тескөөнүн бир нече жолу бар. Алардын арасында, салыктык текшерүүдөн тышкары “рейддик салыктык көзөмөл” деген ыкма дагы бар. Азыр Салык кызматы ушул ыкманы активдүү колдонууда. Рейддик салыктык көзөмөлдөө, тилекке каршы, маселени сотко чейин чечүү процедурасы жок. Мыйзамда алар жазылган эмес. Иш сотко чейин жеткен күндө да, салык сотунун жоктугу көйгөй жаратат. Маселе мыйзамда деле эмес, маселе адистин жоктугунда. Салык соту институт катары жок болгондуктан, соттор көбүнчө мамлекеттин пайдасына чечип коюшат. Анткени, салык кызматы кандайдыр бир төлөмдөрдү же айып пулдарды салып жаткандан кийин, ал бир нерсени билет да деп эсептешет”.

  • Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда 16 800 чакан жана орто ишкана иштеген. Аларда эмгектенгендер 100 900 киши. Мындан тышкары 476 100 жеке ишкер бар.

Чакан жана орто ишканалардын өндүргөн товарларынын ички дүң өндүрүмдөгү үлүшү 39,9% түзөт. Орто жана чакан ишкердик субъектилеринин 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жалпы жүгүртүүсүнүн ичинен соода жүгүртүүсүнүн үлүшү 93,5% түзгөн. Анын 50,5% жеке ишкерлерге туура келет.

XS
SM
MD
LG