Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:21

2-октябрь: 2025-жылы Жетим-Тоодо чалгындоо башталат, Газада ЦАХАЛдын соккусунан 51 киши өлгөнү кабарланды


 Хан-Юнис шаарынданы палестин качкыны, 16-июль, 2024-жыл
Хан-Юнис шаарынданы палестин качкыны, 16-июль, 2024-жыл

2-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

"Кыргызгеология" 2025-жылы Жетим-Тоодо чалгындоо иштери башталарын билдирди

Мамлекеттик ишкананын директору Эламан Муратов парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 1-октябрдагы жыйынында билдиргендей, тоо кендери боюнча чыгымдар, жасала турган жумуштар жана запастарды аныктоо иштери камтылган беш жылдык план кабыл алган. Анын ичинде Жетим-Тоо кени да бар экенин, учурда долбоор даярдалып экспертизага берилгенин тактады. Муратов чалгындоо иши үчүн лицензия “Кыргызгеологияга” берилгенин жана бул иштерди ишкана өзү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады. Ал кендин запастарын аныктап коюп, иштетүү маселеси кийинге калышы мүмкүн экенин, экономикалык жагынан пайда-зыяны такталарын кошумчалады. Былтыр майда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Жетим-Тоо кенин мамлекет 100% өзү иштетерин, “бир пайызы да бирөөгө берилбей турганын” билдирген.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 12 миң доллар пара алууга шектелип камалган судья акталганы белгилүү болду

Биринчи май райондук сотунун чечими 19-июлда чыкканын райондук соттун маалымат кызматы 2-октябрда бышыктады. Маалыматка караганда, судья 19-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыш курамы жок деген негизде акталган. Ал эми 337-берене ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Бирок ал "тергөө абагында узак убакыт отурган" деген негизде айып пул бир миллион сомго кыскартылган. Өкүм чыккандан кийин сот залынан бошотулуп, өкүм толук күчүнө киргенче эч жакка кетпөөгө милдеттендирилген. Учурда бул иш Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. Кармалган судьянын аты-жөнү Алма Кадыркулова экени белгилүү болгон.

Коррупциядан түшкөн каражатты легалдаштырууга тыюу салуу сунушталды

Министрлер кабинети “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизип, коррупциядан жана акча адалдоодон түшкөн каражаттарды легалдаштырууга тыюу салууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документтин негиздеме-маалымкатында мындай өзгөртүү мыйзамды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында сунушталганы жазылган. Долбоордо кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), коррупция, пара алуу, пара талап кылуу, пара алууда ортомчулук кылуу менен алынган каражатты легалдаштырууга тыюу салуу сунушталып жатат. Президент Садыр Жапаров буга чейин үлгү катары өзү да мүлкүн мыйзамдаштырып, 20 миллион доллардын тегерегинде деп баалаган. Мыйзамга июнь айында өзгөртүү киргизилип, жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу үчүн берилген мөөнөт 2024-жылдын соңуна чейин узартылган.

Кыргызстандан аркардын уругун жашыруун ташыган АКШ жараны кесилди

"Кызыл китепке" кирген, Кыргызстандагы аркардын генетикалык материалын пайдалануу менен койдун жаңы пародасын чыгарууга аракеттенген 81 жаштагы америкалык жаран алты айга кесилди. Андан тышкары Артур "Жек" Шубартка 20 миң доллар айып пул салынып, Американын Балык ресурстары жана жапайы табият фондуна төрт миң доллар төлөөгө милдеттендирилди. Американын аймактык судьясы Брайан Моррис Шубарттын жаш курагын жана буга чейин соттолбогонун эске алганын билдирди. Бул тууралуу CBS телеканалы кабарлады. Ага эл аралык мыйзамдарды жана жергиликтүү жаныбарлардын түрлөрүн коргоону караган Лейси мыйзамын бузду деген айып коюлду. Маалыматка караганда, Шубарт Монтанадагы чарбасында Кыргызстандагы аркардын генетикалык материалын колдонуп, эмбриондорду клондоого аракеттенген. “Кызыл китепке” кирген бул жаныбардын салмагы 135 килограммга, мүйүзү бир жарым метрге жетет.

Газада Израилдин соккусунан дагы 51 киши каза болгону кабарланды

AP маалымат агенттиги билдиргендей, сектордун түштүк тилкесиндеги катуу талкаланган Хан-Юнис шаарында Израилдин жердеги операциясынын натыйжасында бир суткада кеминде 51 адам каза болду, 82 адам жараат алды. Өмүрү кыйылгандардын арасында аялдар жана 12 бала бар, балдардын эң кичүүсү эки жашка чыга элек наристе болчу. Израил соңку апталарда ХАМАСтын союздашы, Ливандын түштүк райондорун көзөмөлдөгөн, Иран колдогон "Хезболла" жоочулар тобуна каршы күрөшүн күчөтүүдө. 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган.

Иран Израилге жооп кайтаруусу "аяктаганын" билдирди

Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотконун, эгер масштабдуу аймактык жаңжал коркунучу жаралып жаткан шартта кайрадан чара көрүү зарылчылыгы пайда болбосо соккуларын улантпай турганын билдирди. 1-октябрдын кечинде Тегеран Израилдин Ливандын түштүгүндөгү Иран колдогон «Хезболла» жоочулар тобуна каршы операциясына жооп катары Израилге баллистикалык ракеталары менен бүгүнкү күнгө карата эң чон деп бааланып жаткан жапырт чабуулун койду. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык түйүнүнө соңку чабуул Израилдин “Газадагы жана Ливандагы геноцидине” тиешеси бар “аскердик жана коопсуздук объектилерине гана багытталганын”, Иран муну “БУУнун Уставынын 51-беренесине ылайык, өзүн өзү коргоо максатында” жасаганын жазды. Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» 1-октябрдагы ракеталык чабуул «Хезболланын» лидери Хасан Насралланын өлүмүнө жооп экенин билдирген.

Украина Угледар шаарындагы аскерлерин чыгарып кеткенин ырастады

Ыкчам-стратегиялык "Хортиця" аскерлер тобунун Телеграмга жарыяланган билдирүүсүндө аскерлердин шаардан чыгып кетүүсүнө уруксат берилгени, негизги максат “жеке курамды жана аскердик техниканы сактап калуу, мындан аркы аракеттер үчүн турумдарды ээлөө” болгону айтылды. Орусия узакка созулган бул кармашта көптөгөн аскерин жоготконуна карабастан Угледарды басып алуу аракетин токтотпой койгону, улам жөнөтүп турган резервдери украин аскерлеринин коргонуу мүмкүнчүлүгүн алсыратканы, натыйжада курчоодо калуу коркунучу жаралганы белгиленди. Угледар жайгашкан Донецк облусунун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин 1-октябрда шаардын борбордук бөлүгүндө кармаш жүрүп жатканын, калаада 107 жайкын тургун бар экенин айткан. Ошол эле күнү кечинде DeepState долбоору орус аскерлери шаарды ээлеп алышканын жазган.

АКШда вице-президенттикке талапкерлер: Миннесотанын губернатору, демократ Тим Уолздун жана Огайодон сенатор, республикачы Жей Ди Вэнстин шайлоо алдындагы дебаты өттү

1,5 сааттан ашык убакыт уланган дебатта талапкерлер Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаал, мыйзамсыз миграция, климаттын өзгөрүүсү, турак жай көйгөйү, жарандардын курал-жарак алып жүрүү укугу, инфляция, аялдардын репродукциялык укуктары, дары-дармек баасы жана Кошмо Штаттардагы демократия алдындагы коркунучтар тууралуу маселелерди көтөрүштү. Жалпысынан өлкөнүн ички көйгөйлөрү тууралуу сөз болду, Украинадагы согуш боюнча эч нерсе айтылган жок. Израил Иранга сокку урушу керекпи же жокпу деген суроону экөө тең жоопсуз калтырышты. Эки талапкер тең өз партиясына көбүрөөк добуш бере турган суроолорго кайрылышты. Республикачылар партиясынын өкүлү Жей Ди Вэнс демократтардан президенттикке талапкер Камала Харрис азыркы президент Жо Байдендин администрациясында чек ара коопсуздугуна жооптуу болуп турган кезде миллиондогон киши АКШга мыйзамсыз, эч тоскоолдуксуз кирип кеткенин, азыр ошол мыйзамсыз мигранттар өлкө үчүн чоң көйгөй болуп жатканын айтты. Демократтар партиясынан вице-президенттикке талапкер Тим Уолз мурдагы президент, азыркы шайлоодо Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трампты аялдардын аборт жасатуу укугунан ажыратуу аракети үчүн сындады.

Казакстанда АЭС референдуму алдында дагы бир нече активист камалды

"Азаттыктын" казак кызматы 2-октябрда билдиргендей, Алматы шаарынын адистештирилген район аралык тергөө сотунун токтому менен кеминде беш активист эки айга камакка алынды. Активсттер Нурлан Жаулыбаев, Нурлан Темиргалиев, Жанат Казакбай, Фазылжан Сыдыков жана Айдар Мүбараков “жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган” деп шектелүүдө. Кармалгандардын көбү жаш курагы 60тан ашып калган жарандар экенин, ал эми 54 жаштагы Нурлан Темиргалиев дарыланып жүргөнүн, аларга коюлган айыпты саясий шылтоо деп атаса болорун жактоочулар айтууда. Буга чейин да бир нече активист камакка алынган. Укук коргоочу Бахытжан Торегожина Facebook баракчасына жарыялаган тизмеге ылайык, кармалгандардын жалпы саны 17ге жетти. Полиция же бийликтин башка органдары бул кармоолор тууралуу азырынча расмий маалымат же комментарий бере элек. Казакстанда АЭС куруу маселесине байланыштуу референдум 6-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG