Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:29

Абакта отурган айрым жарандарды жылына бир жолу үйүнө жиберүү сунушталууда


Аялдардын абагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Аялдардын абагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалпы жана күчөтүлгөн режимдеги жаза өтөөчү жайларда кармалып турган жарандардын жылына бир ирет бир жумалык мөөнөткө үйүнө барып келишине уруксат берүү сунушун Кылмыш-жаза кодексине киргизүү сунушталууда.

Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков парламентте билдирди. Анын сөзүнө караганда бул жеңилдиктен жашы жете элек балдары бар, жалгыз бой ата-энелер гана пайдалана алышат. Аларды түзөтүү мекемелериндеги комиссия аныктайт, социалдык кызматкерлер тандайт.

"Комиссия анын соттолгон беренесинин олуттуулугун, күнөөсүн мойнуна алганын, жаза өтөөчү мекемедеги жүрүш-турушуна карап аныктайт", - деди Садыков.

Депутат Дастан Бекешев кылмыш кылганы үчүн соттолгон адамдар бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кайрадан кылмышка барышы ыктымалдыгын айтты. Ошондой эле бул норма Жаза аткаруу тутумунда коррупцияны пайда кылат деп шек санап жатканын билдирди.

"Кызматкерлер акча жасашы мүмкүн. Акча бергендерди кое берип, бере албагандарды жибербей дегендей. Критерий жок болуп жатпайбы", - деди Дастан Бекешев.

2-октбярда Жогорку Кеңеш Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алды.

Кыргызстанда жазаларды аткаруу түзүмүндө 27 мекеме бар, алардын он бири - түзөтүү колониясы, ону - жатак абак, алтоо - тергөө изолятору.

Мындан сырткары жабык жайларга Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин психиатриялык дарылоо мекемелери кирет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG