Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:30

Садыр Жапаров Зардалынын жолу келерки жылы салына баштарын айтты


Зардалы айылы, президенттин басма сөз кызматы тараткан сүрөт.
Зардалы айылы, президенттин басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Баткен облусундагы эң алыскы Зардалы айылына барды. Анын басма сөз кызматы эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдиргенин маалымдады.

"Мындан сырткары тургундар уюлдук байланыш маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылды. Садыр Жапаров администрациясынын кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берди", - деп жазылган маалыматта.

Өткөн аптада акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Зардалыдагы мектеп окуучуларынын билимге болгон укугун камсыздоого жана тургундардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө чакырган. Омбудсмендин аймактагы өкүлү бул айылда жашагандардын укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүп келгенин, тургундар оорукана, медициналык түйүн, электр жарыгы жок жашап жатканын билдирген.

Былтыр Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Зардалыга кеткен жалгыз жолдун тар тилкелери тазаланып, кеңейтилгенин маалымдаган. 2022-жылы "Кыргыз интернет коому" ЮНИСЕФ уюмунун долбоорунун алкагында бул айылга интернет байланышын жеткирген.

Баткендеги алыскы, шарты катаал Зардалы айылына машине менен барган жол жылына жайында төрт-беш ай гана ачык болот. Жергиликтүү эл негизинен тоо кыркасын бойлоп, кооптуу чыйыр жол менен жөө каттайт. Айылда бир башталгыч мектеп бар жана туруктуу жүздөй гана адам жашайт. Баткендин борборунан 130 чакырым алыс, жолу катаал Зардалыда кышында отуздай үй-бүлө калат.

XS
SM
MD
LG