Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:26

Рахманов Ташиевдин уулу жөнүндө жалган маалымат тарап жатканын билдирди


Өткүрбек Рахманов жарыялаган сүрөт. Тай-Мурас Ташиев солдон экинчи.
Өткүрбек Рахманов жарыялаган сүрөт. Тай-Мурас Ташиев солдон экинчи.

“Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Бишкектеги түнкү клубдардын биринде ок атылды делген окуяга катышпаганын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына социалдык тармактарда жалган маалымат тарап жатканын жазды. Ошол окуя болду делген 23-сентябрда Тай-Мурас Ташиев умрада болгонун белгилеп, анын сүрөтүн, билетин жарыялады.

“Тай-Мурас Ташиев ошол күндөрү Кыргызстанда болгон эмес, ал умра сапарында жүргөн. Биз коомчулукка аны ырастаган сүрөт менен билетти жарыялоону чечтик. Экинчиден, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ошол күнү, ошол даректе эч кандай окуя болбогонун, милиция ал жерге барбаганын бышыктады. Ошондуктан бул жалган маалымат жана Ташиевдердин үй-бүлөсүн каралоого багытталган”, - деп жазды Рахманов.

ИИМ дагы Тай-Мурас Ташиев тууралуу жалган маалымат тарап жатканын бышыктады.

Тай-Мурас Ташиев 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жалал-Абад шаардык кеңешке депутат болуп шайланган жана көп өтпөй ишкерлик менен алектенерин айтып мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

Анда УКМКнын төрагасы уулунун жергиликтүү шайлоого катышып жатканын кубаттаган. Ал "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып: "Балама ийгилик каалайм. Эгер ал Жалал-Абад шаарына депутат болуп, эл-журтка кызмат кылса мен кубанаар элем", - деп айткан.

Ал жакында эле анын партиясы өзү бийликте турганда шайлоолорго катышпасын билдирген.

XS
SM
MD
LG