Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Бишкектеги тополоң: Абитовдун иштен алынышы, ИИМдин иликтөөсү


Жеңишбек Абитов жана Уланбек Аалиев. Коллаж
Жеңишбек Абитов жана Уланбек Аалиев. Коллаж

Бишкекте жана ага жакын Чүйдүн аймактарында 18-майга караган түндөгү тополоңго байланыштуу Свердлов райондук милициясынын жетекчиси баштаган он кызматкер иштен алынды. Аталган райондук ички иштер бөлүмүнүн жана шаардык милициянын дагы он кызматкерине ар кандай тартиптик жаза берилди.

Свердлов райондук милициясына Уланбек Аалиев жетекчи болуп дайындалганын ИИМ 28-майда билдирди. Өткөн аптада парламентте бул окуяларга байланыштуу ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлгөн.

Ички иштер министрлиги Бишкек жана Чүйдөгү 18-майга караган түндөгү окуяларга байланыштуу 27-майда коллегия өткөрдү. Министрликтин басма сөз кызматы жалпысынан 20 кызматкерге чара көрүлгөнүн, анын ичинен шаардагы Свердлов ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Жеңишбек Абитов баштаган он адам иштен алынганын кабарлады.

"Коллегияда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев окуялар тууралуу маалымат берди. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы милициянын полковниги Жолболду Кочконов 13 жана 17-майда болгон окуялар боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырды. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынды. Ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине жана кызматкерлерине тартиптик жазалар берилди. Бардыгы болуп 20 кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылды", - деп жазылган маалыматта.

Министрдин жоопкерчилиги

Соңку окуялардан улам милицияга доомат күчөдү. Парламенттин 22-майдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо тууралуу маселе көтөргөн. Ал спикерге кайрылып, тармактык комитетке протоколдук тапшырма берүүнү сунуштаган.

Бекешев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, протоколдук тапшырма 28-майда берилгенин бышыктады. Анын пикиринде, тополоңдун алдын алууга жетиштүү чара көрүлгөн эмес жана мындан улам министрдин жоопкерчилиги каралышы керек.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

"Комитетке протоколдук тапшырма берилди. Бүгүн эле ошо тапшырмага кол коюп бердим. Эми негизи комитет карашы керек. Анан депутаттар кандай чечим кабыл алат, бул башка маселе. Министрдин жоопкерчилиги каралышы керек. Анда оперативдүү маалыматтар болушу керек болчу, ошого карап тез реакция кылышы керек болчу. Бирөөлөр ошол видеолорду ар кандай группаларга тараткан. Дубайдан Бишкекке учуп келатканда мага дагы ошол видеолор эки-үч топтон келди. Биз эл аралык деңгээлде да уят болдук. Бул окуялар экономикага дагы терс таасирин тийгизет".

Улан Ниязбеков
Улан Ниязбеков


ИИМ министрдин жоопкерчилиги тууралуу дооматтарга дароо кайтарган. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта депутаттын бул сөздөрү чындыкка дал келбейт деп жазылган. Ошондой эле тергеп-иликтөө иштери уланып жатканы, күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылары белгиленген. Маалыматта милиция кырдаалды күч колдонуп чечүүгө даяр болгону, бирок андай кадамга барбаганы айтылган.

Жеңиш Абитов деген ким?

Жеңиш Абитовдун Свердлов райондук милициясынын башчысы болуп дайындалганына эки ай дагы боло элек болчу. Ал бул кызматка келгенге чейин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болгон. Март айында Кочкор-Ата шаарындагы милициянын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери аралашкан окуядан улам иштен алынган. Анда 27-мартта милициянын атайын бөлүгүнүн төрт-беш беткапчан, куралчан кызматкерлери бир кишини жерге жаткырып алып кармап жатканы тартылган видео интернетке тараган. Кармалган адамдын баласы атасына болушуп, аларды тээп жиберген. Атайын бөлүктүн өкүлдөрү ата-баланы башка-көзгө койгулап, колдорун кайрып машинеге салып кеткен.

Окуя бир туугандардын базар талашынан чыккан жаңжал боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу экени кийинчерээк белгилүү болгон.

Милиция кызматкерлеринин "майда бейбаштык" кылган кишини кооптуу кылмышкердей кармап кеткени коомдо катуу сынга кабылган.

Кызматтан алынып, кайра эле кызматка барган Абитов тууралуу ар кандай сөздөр бар. Милиция чөйрөсүн билгендер анын байлыгы көп экенин, "коммерсант" деген каймана аты бардыгын айтып жүрүшөт.

"Азаттык" Абитовдун өзү менен байланышып, соңку окуя, өзү туууралуу айтылып жүргөн сөздөр тууралуу пикирин сурады. Ал "Дордой" базарынын аймагында милициянын бөлүм башчысы болуп иштегенин ырастады. Бул базардар контейнерлери бар деген маалыматты жокко чыгарып, убагында Орусияда миграцияда жүрүп үй-жайлуу болгонун билдирди".

"Мен милицияда 27 жыл иштедим, мен жоокермин. Эч качан "креслого" байланган, жабышкан бала эмесмин. Министрибиз ушундай чечим кабыл алды, мен аны аткарганга даярмын. Эми кудай маңдайыма эмне жазса ошол болот. Мен чынында рапортту өзүм, өз каалоом менен жазып бердим. Эми ал жерде тергөөнүн күнөөсү болду, бирок жетекчи болгондон кийин жоопкерчилик менде да болот. Бизди ошон үчүн жетекчи кылып коет, жетекчи болгондон кийин бар-жогуна даяр болушубуз керек. Эмгек жолумду 1991-жылы Ошто ППСтен баштагам. Кечээ жакында эле "Дордойду" УКМК текшербедиби. Ал жакта бир сантиметр жерим, бир контейнерим болсо таап чыгышмак да. Мен ал жерде кичинекей бөлүмдүн башчысы болуп 2,5 жыл иштегем. Менин өзүмө эмес, менин бир туугандарыма, кайын журт жагыма, эки ата, үч ата өткөн туугандарыма катталган контейнерлер бар болсо, ошону таап чыккан кишилерге берем. Мен кийин Орусияга бизнеске кетип, Новосибирск, Красноярскиге барып, беш жыл иштеп, анан "курсагым ток иштейин" деп кайра милицияга кайтып келгем. Элге окшоп өмүр бою милицияда иштеп жүрүп үй салган эмесмин. Орусиянын 40 градус суугунда, ачык жерде соода кылып, мүшөктөрдү жонума көтөрүп иштеген баламын. Мен тууралуу ушак сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн текшерсин. Мен жоокермин деп айттым го. Эми деле кайсы жерге койсо, ошол жерге барып иштегенге даярмын. Мени ошо бай киши, контейнери бар деп айтып жаткандар болсо келип, байлыгымды санасын. Менин каймана атымды "коммерсант" дешсе, анда мен элден мажбурлап акча чогулткан эмесмин".

54 жаштагы Абитов Жалал-Абад облустук милиция башчысы болгонго чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Анын жашына карап милициядан биротоло пенсияга чыгарына бир жыл калган.

Кыргыз милициясында иштегендер 55 жашка чейин гана кызмат кыла алат. Эгер генерал деген наам алса, ИИМдин жетекчилик кызматтарында турса 60ка чыкканга чейин иштесе болот.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков мындай тополоңдордун алдын алууга милиция кызматкерлерине чара көрүү жетишсиз деп эсептейт. Ал коомдогу сабырдуулук, маданияттуулук маселелерине токтолду.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

"Бул жерде өлкө башчыларынын, саясий элита дегендерибиз, коомдук пикирди жаратып жаткан адамдардын деңгээли тууралуу айтышыбыз керек. Тилекке каршы кечээ бир депутатыбыз журналисттерге чет өлкөлүк студенттер тууралуу сүйлөп жатып ачык эле дискриминацияга жол бергендей сөздөрдү айтыптыр. Анан коомдо кандай өнүгүү, кандай бурулуш болушу мүмкүн? Коомдогу, эл арасындагы туура түшүнүк, маданияттуулук, ушул импульс борбордон, бийликтен тарашы керек. Сабырдуулук, маданияттуулук деген жок болсо, талап-тоноого барган жаштарыбыз ошол депутатыбыздын сөзүн уккандан кийин биз деле туура кылган экенбиз да деп ойлоп калышат да. Мен такай эле айтып келем, жол салуу, анын жээгине чырак орнотуу, бак тигүү бул реформа эмес. ИИМде, күч органдарында, прокуратурада, сот органдарында, билим берүүдө реформа болушу керек. Мына Свердлов райондук милициянын башчысын иштен алышты. Анын ордуна куду ошондой, эч өзгөрүүү жок ошондой эле кадр келет. Биздин күч органдары кесипкөйлүк жактан толук деформация болуп бүткөн. Бизде ар бир милиция кызматкерине курсант болуп жүргөндө эле "вирус" жуккан".

Абитовдун ордун Аалиев ээледи

28-майда Абитовдун ордуна мурда чуулгандуу иштен улам кызматтан алынган Улан Аалиев дайындалганы маалым болуп, талкууга түштү. Министрлик Жогорку Сот анык актаган деген түшүндүрмө берди.

"Дайындоо жөнүндө буйрук бирдей кызмат ордун берүү жөнүндө соттун чечимин аткарууга байланыштуу чыгарылды. Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын чечими менен ал реабилитация укугу менен кылмыш курамынын жоктугу үчүн көрсөтүлгөн бардык беренелер боюнча акталган. Жогорку Соттун коллегиясы бул чечимди күчүндө калтырган", - деп маалымдады басма сөз кызматы.

Уланбек Аалиев 2021-жылы Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгын жетектеп турганда бир нече милиция кызматкери менен чогуу алдамчылыкка шек саналган Асыл Талипованын ишине байланыштуу кармалган. Башкы прокуратура алар “Талипованы кыйноого алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара талап кылган” деп айыпталганын билдирген.

2022-жылы 23-декабрда Биринчи Май райондук соту Уланбек Аалиевди Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” деген беренелери боюнча “кылмыш курамы жок болгонуна байланыштуу” актап, ал эми “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген берене боюнча күнөлүү деп таап, 300 миң сом айып салган. Сот өкүмүнө макул болбогон Аалиев шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Бишкектеги тополоңдун кыска таржымалы

Бишкек менен Чүйдүн айрым аймактарындагы тополоң менен коштолгон окуяга 13-майда тартылып, 17-майда социалдык тармактарга тарап кеткен, чет өлкөлүк жарандар кыргызстандык тургундарды сабап жатат деген маанидеги видео себеп болгон. Ошол түнү жаалданган жоон топ Бишкекте жана шаарга жакын Чүй облусунун райондорунда негизинен Пакистандан жана Индиядан келген жарандар жашаган жатаканаларга, үйлөргө, алар иштеген цехтерге кирип барган. Милиция анда жети жерде кол салуу болгонун билдирген.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кеңешчиси Бакыт Сеитов 23-майда “Азаттыкка” билдиргендей, 13-майга караган түнү Кыргызстан менен Египеттин жарандарынын мушташы жана ушул окуя тартылган видеодон кийин 18-майга караган түнү болгон башаламандыкка байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 11 кылмыш ишин козгоду. Бул окуялардан 49 киши жабыркаган, 13 киши кылмышка шектүү катары аныкталган. Алардын ичинен төртөө Египеттин, калган жети адам Кыргызстандын жарандары.

Андан тышкары ушул эле күнү Чүйдүн Аламүдүн айылында тигүү цехинде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарына 60-70 киши кирип барып сабап, акчасын, уюлдук телефондорун алып кеткен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен бир кылмыш иши козголуп, 14 киши жабыркаганы аныкталган. Беш киши кылмышка шек саналып кармалган.

Тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG